БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
![Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743953_0:0:960:604_600x0_80_0_0_dee4b06bb3bef3518ff2932d47e5f195.jpg)
![Программа боюнча алгач маданий программасын тартуулоо кезеги Баткен, Нарын, Ош облустары менен Бишкек шаарына берилди Программа боюнча алгач маданий программасын тартуулоо кезеги Баткен, Нарын, Ош облустары менен Бишкек шаарына берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743991_0:36:960:640_600x0_80_0_0_f524129c26a3f9c03b701f3442fcfcd4.jpg)
![Ал эми 20-сентябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Ала-Тоо айымдары коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат Ал эми 20-сентябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Ала-Тоо айымдары коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743963_0:36:960:640_600x0_80_0_0_5cca8adf16b81f37182c0be95ee91e75.jpg)
![19-сентябрда Айгүл гүлү театрлаштырылган оюн-зоок программасы болуп, анда улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үй жасалгалары, көчмөн эл колдонгон тамак-аштар, элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактар болду 19-сентябрда Айгүл гүлү театрлаштырылган оюн-зоок программасы болуп, анда улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үй жасалгалары, көчмөн эл колдонгон тамак-аштар, элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактар болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743958_0:36:960:640_600x0_80_0_0_7743da4529ae19a3f4d530d694f9430b.jpg)
![Андан сырткары, кыргыздын улуттук боз үйүн тез арада чечүү боюнча жарышты Андан сырткары, кыргыздын улуттук боз үйүн тез арада чечүү боюнча жарышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743980_0:36:960:640_600x0_80_0_0_2dc100c434fb3d750d8f9081f67111f3.jpg)
![Мындан сырткары, Достук шаары, Саймалуу-Таш, Улуу жибек жолу жана Сулайман-Тоо театрлаштырылган оюн-зоок программалары да тартууланып, аны Көчмөндөр ыр сунат деп аталган кечки концерттик программа жыйынтыктайт Мындан сырткары, Достук шаары, Саймалуу-Таш, Улуу жибек жолу жана Сулайман-Тоо театрлаштырылган оюн-зоок программалары да тартууланып, аны Көчмөндөр ыр сунат деп аталган кечки концерттик программа жыйынтыктайт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743969_0:36:960:640_600x0_80_0_0_891a06f8036c74a68e4f2e1a4e976d57.jpg)
![Эртең, 20-сентябрда, жогорудагы эле конкурстар Манас, Бурана, Көл баяны программаларынын алдында өтүп, республикалык Улуттук каада-салт, Баланы бешикке салуу сынагы болот Эртең, 20-сентябрда, жогорудагы эле конкурстар Манас, Бурана, Көл баяны программаларынын алдында өтүп, республикалык Улуттук каада-салт, Баланы бешикке салуу сынагы болот - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/39/1045743985_0:0:960:605_600x0_80_0_0_db521d3b1d3a7d145b80dc8d5a8519e3.jpg)
![Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылгандагы салтанаттуу бөлүгү парад, театрлаштырылган иш-чара менен коштолот. Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылгандагы салтанаттуу бөлүгү парад, театрлаштырылган иш-чара менен коштолот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104574/41/1045744187_0:0:960:604_600x0_80_0_0_6e8084b5572a2d7dbeb9413071c6ad87.jpg)
Программа боюнча алгач маданий программасын тартуулоо кезеги Баткен, Нарын, Ош облустары менен Бишкек шаарына берилди. Ал эми 20-сентябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана "Ала-Тоо айымдары" коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат.
19-сентябрда "Айгүл гүлү" театрлаштырылган оюн-зоок программасы болуп, анда улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үй жасалгалары, көчмөн эл колдонгон тамак-аштар, элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактар болду. Андан сырткары, кыргыздын улуттук боз үйүн тез арада чечүү боюнча жарышты.
Эртең, 20-сентябрда, жогорудагы эле конкурстар "Манас", "Бурана", "Көл баяны" программаларынын алдында өтүп, республикалык "Улуттук каада-салт", "Баланы бешикке салуу" сынагы болот. Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылгандагы салтанаттуу бөлүгү парад, театрлаштырылган иш-чара менен коштолот.
Бул иш-чаралар ошол жерде уюштурулган ар бир облустун өзүнүн борборлорунда элге тартууланат. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү "Манас Ордо" комплексинин сахнасында өтмөкчү.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.