БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Дарыгерлер рактан дагы коркунучтуу, өлүмгө жеткирген беш ооруну тизмектегенин "Известия" жазды.
Билдирмеде эгер залалдуу шишиктерди баштапкы стадияларында айыктыруу мүмкүн болсо, ошол эле учурда жашап кетүүгө эч бир үмүт бербеген дагы дарттар кездешери айтылат.
Алардын бири — Крейтцфельдта-Чкоба оорусу же "уйдун кутурмасы". Илдет жүлүндү, баш мээни жана нервдин учтарын жабыркатат. Мындан улам бейтап көп нерсени сезбей калат.
Кийинки сапта дарыгерлер оорулуу жаныбар тиштегенде, анын шилекейинен жуккан дартты коркунучтуу деп эсептешет. Эгер эки жума ичинде вакцинация албаса, кутурманын айынан адам жүрөктүн шалынан же дем алуунун кыйындашынан каза табышы ыктымал.
Дагы бир өлүмгө жеткирген оору — Марбургдун геморрагиялык калтыратмасы, аны "жашыл маймылдардын оорусу" деп жүрүшөт. Инфекция жабыркаган жана былжыр тери аркылуу кирет. Адамдын дене табы кескин көтөрүлүп, бир канча күндөн кийин ичи ооруйт, ал эми экинчи күнү бейтап инфекциялык-уулуу дендирөөдөн көз жумушу мүмкүн.
Кооптуу делген соңку кесел — "фибродисплазиянын күчөшү". Мында булчуң, тарамыш жана байламталар бара-бара сөөккө айланат. Аларды кесип салуудан дагы майнап чыкпайт.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.