ОШ, 1-окт. — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.
![Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104584/74/1045847441_39:0:1185:720_600x0_80_0_0_42a6fe3bc6753e034d3a14abc6ac85bc.jpg)
![Жарактан чыккан көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери биргеликте иш алып барып, бирдей каражат чыгарышкан Жарактан чыккан көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери биргеликте иш алып барып, бирдей каражат чыгарышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104584/74/1045847456_111:0:1257:720_600x0_80_0_0_17d6f4e3262bb538225f43ffa300fb0a.jpg)
![Пайдаланууга берилген көпүрөнү жергиликтүү бийлик Достук көпүрөсү деп атап, ачылыш аземине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода катышты Пайдаланууга берилген көпүрөнү жергиликтүү бийлик Достук көпүрөсү деп атап, ачылыш аземине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104584/74/1045847451_0:0:1147:720_600x0_80_0_0_37c4ab23f2a4f4875a5822892332d0aa.jpg)
![Алар чек арадагы элди ынтымакка чакырып, Достук көпүрөсү ушул аймакта жашаган кыргыз жана тажик эли үчүн маанилүү курулуш болгонун белгилешти. Алар чек арадагы элди ынтымакка чакырып, Достук көпүрөсү ушул аймакта жашаган кыргыз жана тажик эли үчүн маанилүү курулуш болгонун белгилешти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104584/74/1045847461_13:0:1159:720_600x0_80_0_0_2d297c3be547bd2d79ef09d21d2c260b.jpg)
Эске сала кетсек, мындан эки жыл мурун аталган көпүрө Тажикстанга көмүр алып бараткан жүк ташуучу унааны көтөрө албай түшүп кеткен. Кырсык айдоочу машинаны чек ара постунан өткөрүп, эски көпүрөнүн үстүнө токтотуп коюп, документтерин чек арачыларга текшертүүгө кеткенде болгон. Эч ким жабыр тартпаганы менен унаа көпүрөнүн алдына оодарылып түшүп кеткен. Бул көпүрө Тажикстандын Кожобакыр суусуна курулган. Анын жарымы сынып калгандыктан, ошол күндөн бери Лейлек районунан Тажикстандын Гафуров районуна автоунаа каттамы токтотулган. Болгону жөө адамдар каттап келген.
Пайдаланууга берилген көпүрөнү жергиликтүү бийлик "Достук көпүрөсү" деп атап, ачылыш аземине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода катышты.
Алар чек арадагы элди ынтымакка чакырып, "Достук көпүрөсү" ушул аймакта жашаган кыргыз жана тажик эли үчүн маанилүү курулуш болгонун белгилешти.
Көпүрөнүн узундугу — 12, туурасы — 8 метр.