БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Адам мээсинин ишин жакшыртуучу азыктардын түрлөрүн диетологдордун кеңешине таянып Haberler маалымат агенттиги жарыялады.
Чет элдик басылма жазып чыккан 5 азык Кыргызстандын базарларында кеңири сатылат, мындан улам ар бир кишиге жеткиликтүү.
Бадам
Адам унутчаак болуп баратса, жаңгак, фундук жардам берери айтылып жүрөт. Бирок бир күндө желген 10 даана бадам мээнин сергек иштешин камсыздайт.
Мейиз
Бир ууч мейиз баш мээнин саламаттыгын бекемдейт. Анын бат чарчашын алдын алып, эске тутуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Ананас
Балык
Адистер балык этин ашкере колдонууну колдошпойт. Бирок жумасына үч жолу балык эти менен тамактануу мээнин иштешин үч эсе жогорулатары, чарчоосун жөнгө салары айтылууда.
Алма
Алманын бардык түрү пайдалуу экенин диетологдор баса белгилешет. Бул азык күндүзү гана эмес, түнкүсүн да мээнин жигердүү эс алуусун камсыздайт.