https://sputnik.kg/20191003/moskva-nelegal-rejd-migrant-1045871965.html
Москвада "Нелегал" рейди жүрүп, мигранттар текшерилип жатат
Москвада "Нелегал" рейди жүрүп, мигранттар текшерилип жатат
Sputnik Кыргызстан
Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылат. 03.10.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-10-03T16:14+0600
2019-10-03T16:14+0600
2021-12-16T22:19+0600
https://sputnik.kg/img/101702/53/1017025358_0:72:3040:1790_1920x0_80_0_0_f0feaecd80c49621e9357bdd4ce0905e.jpg
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101702/53/1017025358_0:0:3040:1911_1920x0_80_0_0_793c50a30a6a94ade7a4ec92d074de25.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, миграция, москва, кыргызстан, россия
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, миграция, москва, кыргызстан, россия
Москвада "Нелегал" рейди жүрүп, мигранттар текшерилип жатат
16:14 03.10.2019 (Жаңыртылды: 22:19 16.12.2021) Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылат.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада кыргызстандыктар катуу текшерүүгө алынып жатканы боюнча ЖМКларга тараган маалыматка түшүндүрмө берди.
Элчиликтен билдиришкендей, Москванын укук коргоо органдары "Нелегал" рейдин жүргүзүүдө. Анын алкагында кыргызстандык таксисттер гана эмес, башка өлкөдөн келген мигранттар дагы текшерилип жатат. Рейддин максаты — Москвада мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо.
Элчилик ар бир Кыргызстандын жаранын миграциялык полициянын аймактык органдарына каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууга чакырат. Ошондой эле ортого ортомчуларды салбоо сунушталды.
Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылмакчы.