https://sputnik.kg/20191011/nobeldin-tynchtyk-syjlygy-ehfiopiya-premer-ministr-1045942165.html
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министрине берилди
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министрине берилди
Sputnik Кыргызстан
Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлү бул сыйлык Эфиопиянын премьер-министрине эрте берилип жаткан болушу мүмкүн дегендер болорун айтып, бирок сыйлык... 11.10.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-10-11T16:01+0600
2019-10-11T16:01+0600
2023-08-09T13:11+0600
https://sputnik.kg/img/104594/21/1045942129_0:172:3270:2020_1920x0_80_0_0_47b05adb39df911904a1dd730b44b33f.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104594/21/1045942129_12:0:3270:2048_1920x0_80_0_0_aa8f822e14750ba14d9f9289e697c9c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, нобель сыйлыгы
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, нобель сыйлыгы
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министрине берилди
16:01 11.10.2019 (Жаңыртылды: 13:11 09.08.2023) Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлү бул сыйлык Эфиопиянын премьер-министрине эрте берилип жаткан болушу мүмкүн дегендер болорун айтып, бирок сыйлык чыныгы ээсин тапканын баса белгиледи.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге берилди. Бул тууралуу Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинен билдиришти.
Ага ылайык, Ахмед Али коңшулар менен болгон мамилени жолго салууда эбегейсиз эмгек жумшаганы үчүн сыйлыкка татыган.
![Обладатели Нобелевской премии по литературе за 2018 год польская поэтесса Ольга Токарчук и 2019-й — австрийский писатель Петер Хандке Обладатели Нобелевской премии по литературе за 2018 год польская поэтесса Ольга Токарчук и 2019-й — австрийский писатель Петер Хандке - Sputnik Кыргызстан](data:image/svg+xml,%3Csvg%20xmlns=%22http://www.w3.org/2000/svg%22%20width=%22600%22%20height=%22264%22%3E%3C/svg%3E)
11 Тогуздун айы 2019, 09:17
Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлү бул сыйлык Эфиопиянын премьер-министрине эрте берилип жаткан болушу мүмкүн дегендер болорун айтып, бирок сыйлык чыныгы ээсин тапканын баса белгиледи. Ал ошондой эле журналисттердин "Премьер-министр бул маалыматты кандай кабыл алды?" деген суроосуна: "Комитеттин мүчөлөрү сыйлык ээлери менен байланышпаганга аракет кылат. Эгер премьер мени угуп жатса, аны бул сыйлыгы менен куттуктайм", - деди.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 10-декабрда Стокгольмдо өтөт. Сыйлык ээлерине тогуз миллион швед крону (900 миңден ашык доллар) берилет.
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али 43 жашта. Аталган кызматты 2018-жылдын 2-апрелинен тарта аркалап келет.