Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жылы Европанын эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Швейцариядагы Лозанна федералдык политехникалык институтунан илимдин доктору даражасын алган Жеңишбек Жакыпов менен баарлашты.
— Буга чейин сиз менен сүйлөшкөндө илимий конференция боюнча Нур-Султанда жүрөм дедиңиз эле. Ошол тууралуу айта кетсеңиз?
— Нур-Султанда HPAIR (Азия жана эл аралык мамилелер боюнча Гарвард долбоору) аттуу конференцияга катышып келдим. Негизинен искусство жана дизайн, илим жана технология, эл аралык мамилелер боюнча үч бөлүмдөн турат экен. Мени илим тармагы боюнча чакырышты. Мындай чоң иш-чара болорун күткөн эмесмин. Нобель сыйлыгына жардам берген илимпоздор, Дүйнөлүк банкта жогорку кызматта иштеген адамдар жүрүштү. Ал жерде робот техникасы, санариптештирүү жана жасалма интеллект боюнча өз пикирим менен бөлүштүм. Ошондой эле бул тармакта жакшы байланыштарды түзүп келдим.
— Эмгегиңиз Reuters сыяктуу абройлуу басылмаларга чыккан экен.
— Ага чейин универститеттин сайтына үч жолу илимий макалам чыккан. Ошолор топтолуп отуруп көлөмдүү макала жазуума жол түзүлгөн эле. Белгилүү Nature журналына басылган эмгегим аябай чоң талкуу жаратты. Социалдык баракчаларда көңүл бура башташты. Бул Кыргызстан үчүн күтүүсүз эле. Алгач "Бул жигит кыргызбы?" деп сурагандарды окуп калдым. Андан кийин мен жөнүндө маалыматтарды топтоп ким экенимди чыгарышты. Өзүм пландабасам да атым таанылып кетти.
— Эми өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?
— Кичинекей кезиңизден эле илимге кызыкчу белеңиз?
— Ооба, жаштайыман эле илимге, инженерияга болгон кызыгуум күч эле. Ошол эле учурда техникалык, механикалык нерселер ар дайым көңүлүмү бурчу. Мектеп убагында кичинекей мотору бар унаа, кайыктарды жасаганды, ата-энем алып берген оюнчуктарды бузуп, ичинде эмне бар экендигин билгенди жакшы көрөр элем.
— Илимпоздугуңузду жакындарыңыз кандай кабыл алды?
— Атам кичинекей кезинде дарыгер болгусу келген экен. Андыктан башында мага да ушул тармакты сунуштады. Апам да медик болгондуктан макулдугун берген. Бирок кийин ойлору өзгөрдү. Мага эч кандай басым кылбай, ар дайым мен тандаган чечимди колдоп турушат. Мектепти бүтүргөн соң Түркиядагы "Фатих" университетинин химия бөлүмүндө окуй баштадым. Мугалим болсом, мектепте сабак берсем деген тилегим бар эле. Бирок бир жыл окуган соң техникага, инженерияга болгон кызыгуу күч алып, ошол эле окуу жайдын электр-электроника инженерлиги бөлүмүнө өттүм. Дароо 2-курстан баштагандыктан башында бир аз кыйынчылыктар жаралды. Жайында да окуумду улантып, Кыргызстанга келген жокмун. Ошентип өз убагында окуумду бүтүргөн соң Стамбулдагы "Сабанжы" университетине магистратурага тапшырдым.
— Мыкты окуу жайларда окуптурсуз. Андыктан жакшы иштерге сунуштар түшкөн болсо керек?
— Көп эле түшүп жатты. "Сабанжыны" бүтүрүп жатканда Кыргызстандагы "Кока-Кола" компаниясынан байланышка чыгышкан. "Кока-Коланын" башкы офиси Стамбулда болгондуктан ал жакка барып маектешкем. Бирок эртең мененки тогуздан кечки бешке чейин офисте отуруп иштегим келбеди. Мага ийкемдүү убакытты, жаратмандыкты талап кылган жумуштар жагат. Ошондуктан окуумду улантайын деп чечтим.
— Сиз окуган Лозанна федералдык политехникалык институту дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын катарына кирет экен. Кантип кабыл алынганыңызды айта кетсеңиз?
— Түркияда доктарантурада окуп жүргөн кезде бир жерде тура бербей, башка деңгээлге өтүүнү кааладым. Европадагы көптөгөн окуу жайларга тапшырып көрдүм. Алардын ичинен эң мыктысы Лозаннадагысы эле. Ал жакка өтсөм окуу жайдагы бир профессор контракттык негизде ишке алышы керек болчу. Мага контракт чыкпай калды. Күтүп жүрүп, 2013-жылы Австриянын Вена шаарындагы конференцияга катышып калдым. Андан ары Швейцарияда окуган досума жолукканча окуу жайга барып көрүүнү чечтим. Профессор менен жолугуп, резюмемди тапшырып, илимий эмгектеримди көрсөттүм. "Орун болсо чакыргыла" деп кеткем. Жарым жылдан кийин чакыруу келди. Алгач көнүшүп кете аламбы деп текшерүү үчүн 6 айга тажрыйба алууга бардым. Бирок эки айда эле макала чыгарып, өзүмдү көрсөтүүгө жетиштим. Дароо эле доктарантурага кал дешти.
— Шарттары тууралуу айта кетсеңиз?
— Швейцарияда үй-бүлөңүз менен чогуу турасызбы?
— Ооба, чогуу турабыз. Келинчегим экөөбүз 2016-жылы баш кошуп, андан соң бирге кеткенбиз. Азыр бир жаштагы кызыбыз бар. Жубайым англис тилин мыкты билет. Ал жакта эки жыл французчаны да үйрөндү. Азыр менден жакшы сүйлөйт. Мен күнүмдүк жашоого керектүү гана сөздөрдү билем. Андыктан тил жагынан мага жардам берип турат.
— Мурда "Кыргызстан — Орто Азиянын Швейцариясы" деген сөздөр айтылчу. Эки өлкө арасында окшоштуктар бар бекен?
— Жаратылышы гана окшош болбосо, элинин кулк-мүнөзү айырмаланып турат. Аларда эмгекчил, кыбырап иштегенди, убакытты өтө туура пайдаланганды жакшы көрүшөт. Сегиз миллион калкы, Нарындай эле жери бар кичинекей өлкө. Алгач барганда тоонун башына таштарды тизип жол кылып коюшканын көрүп эле эмгекчил эл экендигин байкагам. Ар бир айылда суу, жарык, интернет жана жол бар. Ошого жараша туристтердин саны да көп.
— Кыргызстанда окуган студенттер биздин өлкөнүн билим деңгээли менен сиз окуган университетке өтө алышабы?
— Мыкты окусаң өтөсүң. Бирок баары бир жөнөкөй мектептен билим алган окуучулар үчүн кыйын. Анткени тил жана математика абдан маанилүү. Швейцарияда федералдык бюджеттен каржыланган эки окуу жай бар. Бирөөсү мен окуган университет болсо, экинчиси Цюрих Жогорку техникалык институту. Бул окуу жайды Нобель сыйлыгынын лауреттары бүтүргөн. Алардын ичинде Альберт Эйнштейн бар. Ал эми биздин университеттин ачылганына 50 жыл болду. Бирок тармактык өнүгүү боюнча деңгээли жогору турат. Мен өзүм да сабак бергендиктен, окуунун кыйындыгын жакшы түшүнөм. Мисалы, Түркияда сынакка бир жума калганда даярданып башташса, ал жерде ар апта даярданышат. Катуу окуп, ошого жараша эс алганды да билишет. Окуу жайга тапшырган студенттердин саны көп. Бирок 1-курста окугандардын 20 пайызы гана экинчи курска өтө алат.
— Сиз жасаган робот тууралуу жалпылап түшүндүрө кетсеңиз?
— Негизи эле илимпоздордун илимий-инженердик эмгекти жасоосу "Бир нерсе эмнеге иштейт жана аны кантип жасаса болот?" деген суроо менен башталат. Биздин биринчи сурообуз "Кумурскалар кандай иштейт, кантип бири-бири менен байланышат жана аларга окшош робот жасай алабызбы?" деген собол болчу. Жашообузда аларга көп көңүл бурбай, керек болсо үстүнөн байкабай басып кетебиз. Табияттагы ар бир нерсе комплекстүү болгондуктан кумурскалардын да ич ара байланышы жогорку деңгээлде. Кадимкидей көпүрө, көп кабаттуу имарат куруп, чогулуп, кайык катары сууда сүзө алышат. Булардын кантип бири-бирин түшүнгөндүгү, мамиле кылгандыгы маселенин илимий жагы. Ошол эле учурда технологиялык жагы да бар. Биз ушул нерселердин үстүндө иштеп, кичинекей, өзүн-өзү башкарган, көп нерсеге жөндөмдүү роботторду сунуштадык. Алар кумурска сыяктуу өз ара кабарлашып, чогуу "супер организм" боло алышат. Алар азыркы учурдагы чоң роботторго караганда көлөмү кичинекей, бирок шык-жөндөмү бирдей. Жаңы синтетикалык акылдуу материалдарды колдонгондугубуздан ар кандай химиялык жана физикалык шарттарга жараша ордунан жылып, формасын өзгөртө алат.
— Бул роботторду эмнеге колдонсо болот?
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Жеке планым — коммерциялык деңгээлге чыгуу. Virtual reality (санариптик чындык — ред.) жана роботехника тармагы боюнча иштөөнү көздөп жатам. Алдыдагы бир-эки жылда илимий изилдөөлөрүмдү бизнес-долбоорлорго ашырууга аракет кылам. Жакшы эмгектерди жарата алсак, андан ары жаңы технологиялардын борбору болгон АКШдагы Силикон өрөөнүнө бара алабыз деп ишенем. Ошол эле учурда илимий кызмат негизги максат катары кала берет.
— Жаңы технологиялар, санариптешүү жаатында Кыргызстандын абалы кандай?
— Жалпылап караганда санариптешүүнүн өнүгүп келе жатканын байкоого болот. Мисалы, мен алгачкы компьютеримди 10-класста алгам. Менден беш жаш улуу америкалык кесиптешим жашы жетиге чыкканда колдонуп баштаган экен. Андыктан мурда биз менен башка өнүккөн өлкөлөр арасындагы технологиялык түшүнүктө ажырым чоң болчу. Алардын деңгээлине жетүү үчүн эки эсе көп окуп, иштеш керек эле. Азыр болсо аларда бар нерсе бизде деле жетиштүү. Теңдик бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бизде деле программалоону, финансыны, англис тилин үйрөнүүдө башкалардай эле шарттар түзүлгөн. Жаңы технологиялар жаатында көптөгөн жеке окуу жайлар ачылыптыр. Балким жалпы түшүнүк жагынан бир аз арттадырбыз. Америкада балдар мен космоско барам десе, бизде прокурор болом деши мүмкүн. Бирок бул деле убакыт менен өзгөрө турган нерсе. Бизден кийин жаңыча ой жүгүрткөн, башкалардан айырмаланган муун келерине ишенем. Себеби азыр досторумдун арасында балдарын жаңы технологияга, жаратмандыкка үндөгөндөр көбөйгөнүн байкадым.
— Биздин өлкөдө илимпоздорго карата мамиле өзгөрүүдөбү?
— Бизде советтик доорду көргөн улуу муундун өкүлдөрү "көп иштесең, кыйналсаң өнүгөсүң" деген түшүнүк менен жашашат. Азыр такыр андай эмес. Кара жумуш менен чогуу акылды, жаратмандыкты чогуу алып кетиш керек. Андыктан илимпоздорго болгон мамиледе өтө чоң өзгөрүү жок. Бизде илимий кызматкерлер тууралуу имидж туура эмес калыптанып калган. Оюбузга дароо эле тасмадагы Шурик келет. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө өтө жогору бааланган кесип. Биз да ушул көз карашты өзгөртүүнүн үстүндө иштешибиз керек. Ал үчүн эң негизгиси жалпы окуу деңгээлин көтөрүү зарыл.