Шаардыктар унитазга агызбаган нерсе жок экен. Малдын ич эти, сөөгү, териси, жер-жемиш, презерватив, желим баштыктар, жадакалса целлофанга салынган шаурма дагы жүрөт. Мунун баарын биз Бишкектин түндүк жагында жайгашкан Аэрация станциясына барганда көрдүк.
Бул жерде шаардан чыккан саркынды суулар бир нече этап менен тазаланат. Ал жакка кандайча барып калдык? Жакында эле таанышым бир окуяны айтып берди. Алар жашаган көп кабаттуу үйдө бир нече батирдин дааратканасынан суу чыкканынан адистерди чакырса, биринчи кабатта канализацияга бөлкө нан тыгылып калыптыр.
Көрсө даараткананын суусу артка чыгып, батирди каптап кетсе, анын жытын кетирүү азап менен тозок экен. Мунун айынан үйүн саткандар дагы болорун айтышты.
Экинчи маселе — жумушчулардын бир нече сааттык убарасы. Муну мен эмнеден улам түшүндүм? Макаланы даярдаар алдында "Бишкек суу каналы" ишканасынын адистерине кайрылып, "канализациядан күтүүсүз таштандылар чыгат турбайбы" десем, "чыкса жакшы да, тыгылып калып чыкпай кыйнайт" деп тамаша аралаш жооп беришти.
Ошону менен эле тим болбой, саркынды тазаланган станцияга жетип калчу болсо, жабдуулардын "тишине" тыгылып, далайын иштен чыгарган учурлар болот.
Адистер Бишкектин канализацияларында көп кездешип, көйгөй жараткан таштандыларды санап беришти.
1. Малдын ич эти. Унитазга койдун ичеги-карынын салып ийгендер абдан көп. Мындай окуя дээрлик күнүгө болот. Кулач-кулач ичеги түтүккө тыгылса, эмне болорун элестетип көрүңүз? Мындан тышкары, малдын сөөгүн, өпкө-боорун, жада калса терисин көп салышат.
2. Презерватив. Эң көйгөйлүү таштандылардын бири. Нускамасында "унитазга салууга болбойт" деп жазылып турса дагы, дал ошол жерге ыргыта коюп, баса бергендер көп. Түтүктүн бир жерине тыгылып, ичине суу кире турган болсо, оңой менен айрылбайт. Мунун айынан бир тамчы суу ылдый өтпөй буулуп, кайра артка "тебет" дагы далай батирди саркынды суу каптайт.
3. "Помидор сезону". Түтүк тазалоочулар азыркы учурду "помодор сезону" деп коюшат. Дегеним, кышка кам көрүп, жем-жемиш туздаган кожойкелер жарабай калгандарын дароо эле унитазга көтөрө чуркайт окшойт.
5. Памперс. Жаш балалуу үй-бүлөлөр унитазга салууга болбой турганын сопсонун түшүнүп турса деле таштаганын коюшпайт. Ал түтүккө түшөрү менен чаначтай көбөт дагы, ары көздөй суу өткөрбөй кармап калат.
6. Желим баштык жана бөтөлкө. 21-кылымдын эң көйгөйлүү жана кооптуу таштандылары. Суу түтүгүнө жана тазалоочу жабдууларга кандай зыян келтирери айтпаса деле түшүнүктүү.
7. Нан. Билинбегени менен нан дагы түтүккө катуу тыгылат.
Мындай таштандыларды тазалаган жумушчулардын айлыгы 10-12 миң сомдун тегереги. Тармакта жалпысынан 240 киши эмгектенет.
Станциянын кубаттуулугу дагы бир Бишкектей шаарга кызмат көрсөтүүгө жетет, бирок жабдуулары абдан эскирген.
"Саркынды сууну тазалоочу жабдуулар модернизациялоого муктаж. Оңдолуп жаңыланбаса күтүүсүз жагдайлар болуп кетиши ыктымал. Негизи ишканага бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Ал эми өзү иштеп тапкан акча оңдоо иштерине жетпейт", — деп айтылат "Бишкек суу каналдын" билдирүүсүндө.
Андыктан ишкана шаардыктардан канализацияны туура пайдаланып, элдин тазалыгы үчүн күнү-түнү иштегендердин эмгегин сыйлоого чакырат.
Бишкектин канализациясынан чыккан саркындылар тазалоочу Аэрация станциясы кандайча иштей турганын билгиңиз келсе Sputnik агенттигинин материалын окуңуз.