00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Биле жүрөлү! Боз үйдү туура тигүүнү үйрөткөн видео

Жазылуу
Боз үй тигүү тартибин көпчүлүк билбесе керек. Келгиле анда, төмөндөгү видеону көрүп, боз үй тиккенди баштан-аяк үйрөнөлү.

Видео Көк-Жайык жайлоосунда "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун көмөгү менен тартылды.

Боз үй тигүү тартибин Алыбек Асангулов айтып берди.

Баланы бешикке эмнеге бөлөшөт? Кызыктуу видео - Sputnik Кыргызстан
Баланы бешикке эмнеге бөлөшөт? Кызыктуу видео
Боз үй тигүүдө алгач анын чоңдугуна жараша тегерек чийилет. Мисалы, алты канат боз үй болсо, анын диаметри алты метр болушу зарыл. Андан соң керегеси жайылып, ал канат боо менен чалып байланат. Кийин эшиги бекитилет. Керегеси капшырылып, айлана болуп түшкөн соң кереге чалгыч байланат. Андан соң жел боо тагылып, түндүк көтөрүлөт.

Түндүктү ортодо бирөө бакан менен кармап турат. Адатта түндүктү эркек киши көтөрүшү керек. Бул учурда башкалар түндүккө ууктарын сайып чыгышат. Уук текши тагылышы керек. Ал бекиген соң уук тизгич байланат. Андан кийин оймосу ичине келтирилип жабык баш жабылат. Керегенин сыртынан чий каланып, туурдук жабылып, боосу ууктарга байланат. Кереге, уук тургузулган соң бел кырчоо тартылып, эшик чий түшүрүлөт. Андан кийин кийиздер, башкача айтканда, үзүк жабылат. Экинчи үзүк менен боз үйдүн төбөсүнөн калган бөлүгү жабылат. Боз үйдүн сырты боолор менен кооздолуп, сырткы жабык башы, төтөгөсү тартылат.

Боз үй — көчмөн элдин турак жайы. Анын жыгачтарынан тарта кийиз, кооздуктарына чейин көчүп-конууга ылайыкташып жасалган. Боз үй тигүүдө бир да мыктын кереги жок. Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин ал тууралуу инфографика жасаган. Андагы кызыктуу фактыларды атай кетсек:

— боз үйдүн кийиз жабуусуна 25 койдун жүнү кетет;

— боз үйдүн жыгачын (уук, кереге жана түндүгүн) даярдоого 25 күн кетет;

— 2-3 адам боз үйдү бир саатта тиге алат. Ага караганда боз үйдү чечип жыйноо кыйыныраак. Ага эки сааттай убакыт кетет;

— боз үйдүн салмагы болжол менен 400 килограмм. Аны эки атка жүктөсө болот;

— боз үй тигүү аялдардын милдети болгон. Эркектер түндүк көтөрүп, боз үйдүн ордун камдашкан;

— боз үй катуу шамалга жана жер титирөөгө туруштук бере алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0