БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШнын жашоочусу Тина Бехарано аттуу аял анын 29 жаштагы уулу бар экендигин капыстан билген. Бул туурасында РИА Новости KMPH-TV ресурсуна таянып кабарлады.
Америкалык 17 жаштагы Тина селки кезинде Кристин аттуу кыз төрөгөнү менен чүрпөсүн бооруна кысканга үлгүргөн эмес. Энесине ымыркай жарык дүйнөгө келери менен чарчап калды дешкен.
Көп жыл өткөн соң, 2018-жылы, Тина бейтааныш бирөөдөн электрондук кат алган. Чоочун жигит ДНК тестин жасатып, чыныгы энеси ким экендигин аныктап алган. Сураштыра келгенде, Кристин чарчап калган эмес. Бөбөктү Лас-Вегаста жашаган үй-бүлө багып алган. Ал чоңойгондон кийин жынысын алмаштырып, Бехарано аттуу эркекке айланган.
"Ал жынысын алмаштырдыбы же жокпу, мага баары бир. Кандай айырмасы бар. Ал деген менин балам да. Биз анын тирүү экендигине, аман-эсендигине кубанып турабыз", — деген Тина.
Тина менен Кристин жоголуп табылган эне-баланын окуясы адашып кеткен көп үй-бүлөнү табыштырууга түрткү болот деген ойлорун билдиришкен.