Асанбаева: аймактык ЖМКларды бириктирген медиа борборлор түзүлөт
Эми жети облуста бирден медиа борбор түзүлөт. Ошол аймакка тиешелүү телевидение жана гезиттер аталган борборго баш иет. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган жаңы түзүмдүн башкаруу саясатын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жүргүзөт.
"Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, аймактык ЖМКлар оптимизацияланат. Учурда мамлекетке караган алты облустук телевидение, бир аймактык-коомдук телекомпания, облустук 12 жана райондук 34 гезит бар. Булар республикалык бюджеттен каржыланып, айрымдары гезитти басып чыгаруу иштерине мамлекеттин казынасынан акча алса, башка чыгымдарын чарбалык саясаттын негизинде жүргүзүп келишкен. Эми ушулардын баарынын башын бириктирген ар бир облуста бирден медиа борбор түзүлөт. Облустук телевидение, андагы райондорго караган гезиттер жаңы ачылган медиа борборго баш ийип, анын жетекчисин министрлик бекитет. Ошондой эле медиа борборлордун өзүнүн интернет-порталы жана пресс-борбору болот", — деди Асанбаева.
Ал мурда аймактагы телевидение, гезиттер жергиликтүү бийликтерге карагандыгын, 2014-жылдан баштап министрликке өткөнүн кошумчалады.