Мамадалиев: кесиптик окуу жайлар жылдан жылга популярдуу болууда
Республика боюнча 99 кесиптик окуу жай бар болсо алардын 92си лицейлер, алтоо түрмөлөрдө жайгашкан окуу жайлар жана бир педагогикалык колледж. Бул тууралуу Абдырахим Мамадалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын пикиринде, кесиптик окуу жайларды аяктагандардын 75-80 пайызы иш менен камсыз болот. Ал эми ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн арасында бул көрсөткүч 20 пайызды гана түзөт.
"Өлкөдө 99 кесиптик окуу жай бар. Алар 100дөн ашык конкреттүү багыттар боюнча билим берет. Жылына бюджеттик негизде 30 миңдей студент бул окуу жайларды аяктаса, дагы 12 миңи кыска мөөнөттөгү курстарды бүтүрүп чыгышат. Аларга сабак берген кызматкерлердин саны 6500гө жакын, анын ичинен 3500гө чукулу педагог, устаттар. Мындан бир топ жыл мурда бүтүрүүчүлөр арасында ЖОЖдон билим алуу популярдуу болчу. Азыркы учурда жаштар, тескерисинче, кесиптик окуу жайларга көп келе баштады", — деди Мамадалиев.
Ал ошондой эле кесиптик багыт боюнча билим алгандар чет мамлекеттерде да жакшы жумуштарга орношуп жаткандыгын кошумчалады.