БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез татым жайынан чыккан өрт 15.21де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, бүгүн, 8-ноябрда, "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себепкер болгон.
"Саат 13.42де жерине өрт өчүрүүчүлөр келип, 14.08де тилсиз жоонун мизин кайтарган. Саат 15.21де өрт толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.