БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда декабрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.
Быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктөрдү бербей калган. Эски үлгүдөгү бланктар жок калып, жаңысы басыла элек болчу. Андыктан айдоочулар убактылуу карточкаларды алып, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо муктаждыгы келип чыккан. Себеби буга чейинкилери 2011-жылдан тарта бериле баштагандыктан жаңы коргоо элементтерин киргизүү керек болгон.
"Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалгасы жакшырып, сапаттуу материал (поликарбонат) колдонулган. Кишинин сүрөтү жана маалыматтары лазер менен жазылат. Бул өз кезегинде жазуулардын 10 жылга чейин өчпөй жүрүшүн шарттайт. Жалпысынан жаңы документте 20дан ашык коргоо элементи болот", — деди Бейшеналиев.
Документти даярдоо тендери 8-августта өткөн. Аны эки компания жеңип алган. Алар: Казакстандын улуттук банкынын банкнот фабрикасы бланктарды жасаса, "Госзнак" ЖЧКсы эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алып келет.
Жаңы документтин баасы 100 сом 86 тыйынды түзөт. Ал эми эски айдоочулук күбөлүктүн баасы 920 сом болчу.