БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук кеңеши боюнча уюмга мүчө өлкө башчыларынын саммити өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылууда.
Иш-чарага Кыргызстанды кошпогондо Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан президенттери менен Армениянын премьер-министри катышып жатат. Жолугушуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө.
![Белоруссия президенти Александр Лукашенко Boeing 767-300 менен учуп келди Белоруссия президенти Александр Лукашенко Boeing 767-300 менен учуп келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104635/75/1046357579_0:0:1480:930_600x0_80_0_0_1262db11829bc9da177ac7b542577934.jpg)
![Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон Boeing 737-800 менен келди Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон Boeing 737-800 менен келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104635/75/1046357586_0:0:1331:836_600x0_80_0_0_a34f4e0afe828529f7681996df0165e2.jpg)
![Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев Airbus A321-211(CJ) менен келип конду Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев Airbus A321-211(CJ) менен келип конду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/24/1046362491_308:0:2428:1333_600x0_80_0_0_3ff91f7b63563cd244ea41382611987c.jpg)
![Россия лидери Владимир Путинди Бишкекке өзүнүн аба кемелеринин бири Ил-96 жеткирди Россия лидери Владимир Путинди Бишкекке өзүнүн аба кемелеринин бири Ил-96 жеткирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/50/1046365021_0:48:3182:2048_600x0_80_0_0_fc0bf18b605fc8d24fdd3ae9b00868a9.jpg)
![Армения премьер-министри Никол Пашинян Airbus A320 менен келди. Армения премьер-министри Никол Пашинян Airbus A320 менен келди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104635/76/1046357602_0:0:1497:940_600x0_80_0_0_ee66e4a162469126470fa0cc74171871.jpg)
Sputnik Кыргызстан эл башкарган жакшылар кандай учак менен келгенине байкоо салды.
Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон жана Никол Пашинян Бишкекке 27-ноябрдын кечинде келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
ЖККУнун Коопсуздук кеңешинде дүйнөнү түйшөлдүргөн коопсуздук жана чек ара маселелери талкууланмакчы. ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылса, келерки жылы Россияга өтөт.