БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Конгресс-холлдун кире беришинен тосуп алды.
Биринчилерден болуп Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды тосуп алышты. Андан соң Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон жана Россиянын лидери Владимир Путин келди.
![Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Конгресс-холлдун кире беришинен тосуп алды. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Конгресс-холлдун кире беришинен тосуп алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/37/1046363757_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_b71952dc4d52d825416885356b79d2cb.jpg)
![Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын премьер-министри Никола Пашинян Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын премьер-министри Никола Пашинян - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/35/1046363506_0:0:3067:1928_600x0_80_0_0_1f95b858600ea84afdf841f871b6eaea.jpg)
![Президент Сооронбай Жээнбеков жана Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Президент Сооронбай Жээнбеков жана Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/35/1046363511_0:0:3067:1929_600x0_80_0_0_45cdda67e50ed9dfe738943d961d12b9.jpg)
![Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/35/1046363516_0:0:3067:1928_600x0_80_0_0_f127bcfe2a6ce48bb67a42f252234a8d.jpg)
![Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду тосуп алуу Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду тосуп алуу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/37/1046363763_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_ce602877325b5b7cca8f88c9c8c72f6f.jpg)
![Россиянын лидери Владимир Путинди тосуп алуу Россиянын лидери Владимир Путинди тосуп алуу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/35/1046363524_0:46:3067:1973_600x0_80_0_0_7e6978c2f71bad01036c9aebbf01006e.jpg)
![Учурашып биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин тар чөйрөдөгү жыйын башталды. Учурашып биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин тар чөйрөдөгү жыйын башталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104636/31/1046363104_10:0:3268:2048_600x0_80_0_0_a355a07211d8a3bb44a948d31d6a0682.jpg)
Учурашып биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин тар чөйрөдөгү жыйын башталды. Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрүн, тажик-афган чек арасын бекемдөө жана уюмдун аскерий потенциалын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
ЖККУга мүчө өлкөлөр — Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.