БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Рита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРРита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды
![Рита Карасартова мамлекеттик кызматка дайындалды Рита Карасартова мамлекеттик кызматка дайындалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104641/01/1046410122_0:0:3072:2048_600x0_80_0_0_7817a2d5556803ffdf4da22bd1b09872.jpg)
Рита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды
© Фото / пресс-служба Минобрнауки КР
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулганы айтылат. Ал бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.
Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.