![2020-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр 2020-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104642/76/1046427652_0:0:0:0_600x0_80_0_0_904c319775895121438570aff40eab54.png)
Өкмөт дем алыш күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында токтом долбоорун иштеп чыкты.
Документке ылайык, кыргызстандыктар жыл ичинде үч ирет узак дем алышка чыгышат. Тагыраагы, 1-7-январь, 1-5-май жана 7-10-ноябрь. Ата Мекенди коргоочулар күнү, Аялдардын эл аралык майрамы, Нооруз жана Улуу Жеңиш майрамы ишемби жана жекшемби күндөргө туш келгендиктен, дүйшөмбү күнү кыргызстандыктар эс алмак. Бирок андай болбой, ал күндөр 2, 3 жана 6-январга жылдырылат.
- 24-февралдагы эс алуу 2-январга жылдырылат;
- 9-марттагы эс алуу 3-январга жылдырылат;
- 23-марттагы эс алуу 6-январга жылдырылат;
- 11-майдагы эс алуу 4-майга жылдырылат.
Ошондой эле Орозо жана Курман айт майрамдарына байланыштуу эки дем алыш берилмекчи. Бирок алардын так күнү азырынча белгисиз.
Өзгөрүүлөр болсо маалымдалат.