00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандыктар 9 айда 100 млрд. сомдой насыя алды. Акча эмнеге жумшалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Кыргызстан боюнча 25 коммерциялык банк жана 587 кредиттик компания иштейт. Алардын көбү Бишкек шаарында иш алып барат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстандагы банктар жана кредиттик компаниялар тарабынан дээрлик 106 миллиард сом насыя берилди. Бул туурасында маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Анын ичинен 82 миллиардын банктар, 24 миллиард сомун кредиттик компаниялар камсыздаган.

Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматы: декларациядан өтпөгөн акча контрабанда деп эсептелет
Алынган насыялардын басымдуу бөлүгү соода чөйрөсүнө (кредиттердин жалпы көлөмүнүн 26,1 пайызы) жана айыл чарбасына (19,3 пайызы) жумшалды. Керектөө муктаждыктарына насыялар портфели 11,1 пайызды, ипотека 10,1 пайызды, курулуш 9,4 пайызды жана өнөр жай 8,2 пайызды түздү.

Аймактарга бөлүп айта турган болсок, эң көп насыя алгандар Бишкекте жашайт. Шаардыктар банктардын бардык насыяларынын 54 пайызын, кредиттик компаниялардын 27 пайызын алган. Ошондой эле активдүү зайымчылар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Ош шаарында.

Белгилей кетсек, ушул тапта Кыргызстан боюнча 25 коммерциялык банк жана 587 кредиттик компания иштейт.

Кыргызстандагы банктарга кимдер ээлик кыларын билгиңиз келсе Sputnik Кыргызстан даярдаган материалга көз жүгүртүп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0