БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Балдарын сабап жаткан келиндин видеосунун чоо-жайын облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев айтып берди.
Эске салсак, интернетке энеси үч-төрт жаштагы баланы жана беш жаштагы кызды таяктап жаткан видео тарап, кийин милиция ал келинди издей баштаган. Видеодо аял бөбөктөрдү коркутуп, "Атаңды чакыр, апам уруп атат, кел деп айт" деп айтканы угулат. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги келиндин Ош облусунун Өзгөн районундагы туугандары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган.
Аширбаев келиндин өзү менен байланышып, ролик үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында тартылганын билген.
"Келин окуя башкача болгонун билдирүүдө. Анын айтымында, үй-бүлө башчысы көп убактан бери Россияда иштеп жүргөн. Анын улуу балдары теңтуштарынан атасы Москвадан башкага үйлөнүп алганын угуп, үйүнө ыйлап келишкен экен. Келин балдарын видеого тартып жолдошуна жибериптир. Мындан улам ал киши үй-бүлөсүн Россияга чакырган имиш", — деди Аширбаев.
Ал ошондой эле аял Москвага баргандан кийин бир нече күн күйөөсүн таппай тууганынын үйүндө жашап турганын билдиргенин айтты.
Милиция менен байланышка чыккан келин балдарына кол көтөрбөгөнүн билдирген. Ал эми видеону ою жаман адамдардын бири жасалмалап, соцтармакка таратып жибергенин кошумчалаган.