Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дарыгер тууралуу фактыларды чогултту.
Атасын көрбөй калган
Миталип Мамытов 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган. Атасы согуштан кайтпай калган, агезде болочок хирург бир гана жашта эле. Өзүнөн улуу агасы бар. Энеси колхоздун жумушун жасап, балдарын баккан. Экинчи ирет турмушка чыгып үч кыз төрөгөн. Бир карындашы дарыгер. Атасы менен апасы 72 жашында көз жумушкан.
Айдоочу болмок
1972-жылы Ленинградда кандидаттык, 1987-жылы Киевде докторлук диссертацияларын жактаган. Бир топ ооруканаларда бөлүм башчы, кафедра жетекчиси болуп иштеген. Ал 2002-2005-жылдары саламаттык сактоо министри болгон.
Учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын неврология жана нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы жана Улуттук госпиталда эмгектенет. Ошондой эле Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти.
Эмне оорусу бар?
Миңдеген бейтаптарга өмүр берген дарыгерлер өздөрү эмне дарт менен ооруй турганы көпчүлүккө кызык болсо керек. Мамытов 80 жаш курагына чейин олуттуу ооруларга кабылбаганын айтат.
"Ишенбесеңер бейтаптарды каттоого алган карточкаларды казып көрсөңөр болот. Бир ирет көзүм менен тишим ооруду эле, азыр баары жайында", — деген Мамытов.
Ал ошондой эле ден соолугун бат-баттан текшертип турарын белгилеген.
Хоббиси
Биринчи хоббиси — жумушу. Китепти көп окуйт. Ошондой эле чуркап турат. "Адамдын организминде экстремалдык, күтүлбөгөн учурлар болуп турушу керек. Мисалы, катуу чуркап, муздак суу куюнуп, ысыгыраак сууга жуунуп, капаланып, кайра күлүп турушу керек. Бул нерселер адамды чыйрак, ден соолукту бекем кылат", - деп айтып берди дарыгер.
Жеке жашоосу
Жубайы менен курсташ, кесиптеш. Алар эки кыз, үч баланы тарбиялашкан. Бири офтальмолог, экинчиси невропатолог. Күйөө балдары дагы дарыгер экендигин айтты. Кичүү баласы быйыл 11-класста.
Наамдары, сыйлыктары
Улуттук илимдер академиясынын академиги. Мындан тышкары, жети мамлекеттин: Өзбекстан, Казакстан, Россия, Белоруссия, Украина, Түркия жана Американын нейрохирургдар ассоциациясынын президиумунун мүчөсү.
12 миңден ашык операция жасаган. 280дөн ашык илимий иштин, 32 окуу куралынын, 8 ойлоп табуунун, 7 монографиянын жана 22 рационалдык сунуштун автору.