БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Милиция Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүүгө издөө жарыялады. Бул туурасында аталган шаардын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба УВД ОшаПодозреваемый в разбое сбежавший из больницы в Оше
![Ош милициясы ооруканада дарыланып жатып качып кеткен шектүүнү издөөдө. Сүрөт Ош милициясы ооруканада дарыланып жатып качып кеткен шектүүнү издөөдө. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104653/65/1046536571_0:0:810:1080_600x0_80_0_0_d6887ca92b40497441705897f1d5692f.jpg)
Подозреваемый в разбое сбежавший из больницы в Оше
© Фото / пресс-служба УВД Оша
Маалыматка ылайык, бейтап Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кармалган. Ал ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкеринин кайтаруусунда болчу.
Бүгүн, 17-декабрда, ал из жашырып кеткен. Кандай шартта качып кеткендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды. Шектүүнү кармоого багытталган "Сирена" операциясы да жарыяланды.
Кылмышка шектүү Алмаз Калдыбаев 1989-жылы туулган, Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашаган.
Ош шаардык ИИБи аталган жаран тууралуу билгендерди 102, 03222-4-82-82 телефондору аркылуу маалымат берип коюуну өтүнөт.