БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. "Бишкек сулуусу — 2019" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Ширин Намазбекова болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине уюштуруучулар билдирди.
© Фото / Азамат Матисаков"Бишкек сулуусу — 2019" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Ширин Намазбекова болду
![Бишкек сулуусу сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт Бишкек сулуусу сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104655/22/1046552250_0:0:720:1080_600x0_80_0_0_6a94db8e1d22e9c4329b919c54e40070.jpg)
"Бишкек сулуусу — 2019" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Ширин Намазбекова болду
© Фото / Азамат Матисаков
Сынак кечээ, 18-декабрда, борбордогу банкет залдардын биринде болду. Наам үчүн 16 жаштан 28 жашка чейинки 30 селки ат салышты.
© Фото / Азамат МатисаковСынак кечээ, 18-декабрда, борбордогу банкет залдардын биринде болду
![Бишкек сулуусу сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт Бишкек сулуусу сынагын 21 жаштагы Ширин Намазбекова жеңип алды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104655/22/1046552260_0:0:720:1080_600x0_80_0_0_65a43a174c89698404a46546e02fea25.jpg)
Сынак кечээ, 18-декабрда, борбордогу банкет залдардын биринде болду
© Фото / Азамат Матисаков
Жеңүүчүгө таажыны шаардын былтыркы сулуусу Сезим Асранкул кызы такты.
Таажынын жаңы ээси 21 жашта. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин юридикалык факультетинде окуйт.
Биринчи вице-мисс Табият Өскөнбаева болду. Экинчи вице-мисс деп Ясмина Сивожелезова табылса, үчүнчү вице-мисс наамына Айжан Талантбекова татыды. "Бишкектин супермодели" атайын наамын Айгүл Бектемирова жеңип алды.
Аталган сынак 2012-жылдан бери өтүп келет.