БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Коомдук ишмер жана журналист Турат Акимовго элдин жардамы керек болууда.
Анын айтымында, жубайы онкологиялык ооруга чалдыгып, жума күнгө, 27-декабрга чейин, 7 миң доллар чогултуу зарыл. Аны дарылатуу үчүн Грузияга алып барарын айтты.
Учурда журналист жакын адамдарынан карызга акча алып жатканын айтып, кайдыгер эмес адамдарды да жардам берүүнү суранууда.
Жардам үчүн реквизиттер: "Элсом" 0555-66-66-88