Кезек "Ата Мекен" фракциясына келди. Аталган партия парламентте 11 мандат алып, учурда оппозицияда. Баарлашуу 2015-жылы үгүт учурунда партиялардын берген убадаларынын негизинде, "Фракция лидерлери менен маек" рубрикабыздын алкагында Алмамбет Шыкмаматов фракция лидерлигинен кете электе жазып алынган.
— Үгүт учурунда сиздердин берген убадалар тууралуу кеп кылсак...
— "Ата Мекен" убадага абдан сараң партиялардын бири болду. Башкаларга салыштырмалуу эң аз, башкача айтканда, 28 убада бергенбиз. Алардын 40 пайызын аткара алдык. Ал эми калгандарынын ишке ашпай калышына объективдүү жана субъективдүү жагдайлар себеп. Айрым убадалардын өзүндө чийкилик болгондугу кийин иш жүзүндө көрүндү, мындан тышкары, биздин фракция оппозицияда болду. Мындай жагдайда өкмөттү түзбөгөн соң берилген убаданы ишке ашыруу татаал. Бирок мыйзам чыгарууда, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана коррупцияга каршы күрөштө аракет жасай алдык.
— Аткарылбай калган убадалар боюнча. Республикада улгайган адамдарга медициналык жана социалдык кам көрүү борборлорун түзүү боюнча өзүңүз айткан экенсиз. Бул багытта эмнеге иш жүргөн жок?
— Жогоруда убада берүүдө дагы алешемдиктер болгонун белгилеп кетпедимби. Бул ошондой жагдайлардын бири. Мындайча айтканда, ишке ашышы реалдуу эмес. Мунун угулушу сонун болгону менен ишке ашышы абдан кыйын маселе экени тажрыйба жүзүндө билинди. Мамлекеттик оорукана, поликлинака, ФАПтарды жетиштүү деңгээлде кароого каражат жок туруп, мындай борборлорду ачабыз дегендик аша чапкандык болуп калган. Мага жабыштырып жүрүшөт, ошондуктан муну мойнума алам.
— Үгүт учурунда партиядагы талапкерлер программадан сырт убада берип жиберген учурлар болгонун лидерлери айтып жүрүшөт. "Ата Мекен" салыштырмалуу эски партия, ошондуктан мындай нерсе болбосо керек?
— Мындан тышкары, мактана алган иштериңиздер барбы?
— Кыргызстандын аймагында уран казылбай калышына салым кошо алдык. Ошондой эле Кара-Балтага Казакстандан миң тонна уран алып келинип кайра даяр сырье кетчү. Ал эми анын калдыктары Кара-Балтанын тегерегине уулуу заттарды сактоочу жайга көмүлчү. Бул заттар келечекте коомго, экологияга терс таасирин тийгизмек. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, көйгөйдү алгач журналисттер көтөрүп, биз ошол коомдук пикирге таянуу менен мыйзам долбоорун сунуштап, өткөрдүк. Эсиңиздерде болсо, буга өкмөт каршы чыкты. Бирок коомдук пикирдин күчү менен бүгүнкү күндө уранды иштетүүгө тоскоол боло алдык.
Мындан тышкары, акыйкатчы боюнча мыйзам долбоорун жазган жумушчу топтун жетекчиси болгом. Ал үчүнчү окууда турат. Ага ылайык, акыйкатчы күчтөндүрүлөт. Азыр акыйкатчыга кайрылсаң, ал бир бечара, колунан эч нерсе келбейт. Учурда ал номиналдуу эле кызмат болуп президенттен, өкмөттөн, паламенттен көз каранды. Журналисттерге кайсы бир адамдын укугу бузулуп жатканын айтып коет. Ошону менен эч кандай натыйжа чыкпайт. "Париж принциби" деген эл аралык келишим бар. Анда акыйкатчы күчтүү, көз карандысыз болушу керек деп айтылган. Ошого ылайыктап мыйзам долбоору жазылган. Эми акыйкатчылык кызматка бирөөгө кызмат керек болуп же бирөөлөр шайлап койгону үчүн эле барып калбастан, кадыр-баркы коомдо жогору, эл сыйлаган адамдар бара турган системаны түзүп жатабыз. Муну дагы адам укугуна кошкон салым катары эсептейм. Учурда көбүнчө балдар үйлөрүндө, карылар үйүндө, абактарда, ооруканаларда адам укугу бузулууда.
— Орто жана чакан бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү убадасын канчалык ишке ашыра алдыңыздар?
— Ишкерликти колдоо, аларды обу жок текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө бир нече мыйзамдар бар. Анын баарын "Ата Мекен" партиясы колдоп, жазып чыккан. Ошол эле Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашевалар бул багытта активдүү иш алып барышты. Бүгүнкү күндө айрым мамлекеттик органдар бизнести текшерүү менен жан багышат. Муну мен айтпасам деле элдин баары билет. Мындай мамлекетте бизнес өнүкпөйт. Бизнес — бул саан уй. Элди бага турган нерсе. Саан уй деп жакшы мааниде айтып жатам. Анын пайдасын көрүшүбүз керек. Кантип? Салык төлөйт, кызмат көрсөтүүнү жакшыртат, иш орундарын түзөт. Уйду деле тоютун дайындап, астын тазалап, кургактап турса сүт берет да. Анын сыңары, ишкерликке кам көрүшүбүз шарт.
Мисалы, ошол эле туризм багытын өнүктүрүп, пайда тапсак болот. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери туризмдин арты менен жан багышууда. Биз дагы ошондой системага өтүшүбүз керек.
— Эксперттер Кыргызстанга 18 миллион турист келсе, эс алуучу жайлар таштандыга толуп кетет деп коңгуроо кагышууда.
— Кээ бир эксперттер элди таң калтырып, акылдуу сөз деп ашыкча нерсени айтып коюшууда. Туристтердин санын бир миллиондон ашыра албай, 10 миллионго жеткирүү тууралуу кыялданып жүрсөк, ал эмитеден эле антипропаганда кылып жатат.
— Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды транспорт жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен менен камсыздоо тууралуу Өмүрбек Текебаевдин берген убадасы бар экен. Бул боюнча кандай иштер жасалууда?
— Партиянын турак жай маселесин чечүү боюнча программасы бар. Ал азыр дагы актуалдуу, ишке киргизсе болот. Бирок өкмөттү биз түзбөгөндүктөн, аларга таңуулай албайбыз. Программанын негизинде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө, мамлекеттик органдарда иштеген жаш үй-бүлөлөргө турак жай берилмек. Аны ишке ашыруу жолу мындайча болмок. Жаңы конуштун тургундарына көп кабаттуу үй салып берип, жер тилкелерин мамлекет алышы керек эле. Анан кайра ошол жерлерге көп кабатуу үйлөрдү курса болот. Ага каражатты Кумтөрдөн, инвесторлордон же болбосо мамлекет менен жеке өнөктөштүк аркылуу табууга болот. Курулган үйлөрдүн теңин ишкерге берип, 50 пайызын мамлекет өз муктаждыгын камсыздаш үчүн алат. Бул тажрыйбаны биз ойлоп тапкан жерибиз жок. Турак жай көйгөйү бүт дүйнөдө бар жана ал жакта ушул сыяктуу нерселерди колдонот. Ошол эле Бишкектин чет-жакасындагы жеке үйлөрдүн ордуна Жал, Тунгуч сыяктуу кичирайондор пайда болот эле. Бирок мындай идеяларыбыз колдоо тапкан жок.
— Медицина тармагына каражатты жети пайызга чейин көбөйтүү тууралуу айтылган. Иш жүзүндө, тескерисинче, кыскартуу тууралуу кептер болуп жатат. Негизи эле медицина тармагында качан реформа болот?
— Медицина эле эмес, бардык тармактарга көбүрөөк каражат бөлүнсө жакшы болот эле. Мунун баары айланып келип экономикага, акчага байланат. Буларды жасоо үчүн экономика кубаттуу болушу шарт. Ошол эле адам укугу, медицина, билим берүү маданият ж.б. багыттарда кыймыл болушу үчүн экономиканы көтөрүшүбүз зарыл. Сингапур, Грузиянын практикасында экономиканы көтөрүү үчүн миллирддаган инвестицияларды тартышкан. Инвестиция келиши үчүн өлкөдө мыйзамдар кынтыксыз иштеши шарт. Инвесторлор коопсуз, стабилдүү өлкөгө өз каражатын салат. Инвестиция десе эле алтын иштетүүнү түшүнбөш керек.
Ал эми бизде кээ бир аткаминерлерге жакпай калганы үчүн инвесторлор кол шилтеп басып кеткен учурлар кездешүүдө. Келген инвесторлор "мамлекеттик рэкетчиликтен" тажап кетип жатышат.
— Айыл чарба министрлигин реформалоону убадаладыңыздар эле. Учурда суу жана жайыт чарбасы өзүнчө эки агенттик болуп бөлүнүп кетти. Муну реформа деп эсептесек болобу?
— Ал жерде суу менен кадастр өзүнчө бөлүнүп чыкты. Бул жакшы нерсе. Анткени көп убакыттан бери ушул нерсе жасалышы керектиги айтылып, эксперттер тарабынан сунушталып келген. Мурда жер, суу саясатын 5-6 мамлекеттик орган жүргүзүп, чачыранды эле. Бирок бул кадамдар жетишсиз, муну айыл чарба тармагы реформаланып калды деп атоо кыйын.