БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
![Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104667/75/1046677554_0:68:1801:1200_600x0_80_0_0_9f68943a236f077a90652189cfd1bffc.jpg)
![Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан. Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104667/75/1046677548_0:0:1801:1132_600x0_80_0_0_b72eb782970ff5f38a643afb77ec00e0.jpg)
Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан.
Президент бул жылы мамлекет келечек муунду тарбиялоодо үй-бүлөлүк салттарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруларын билдирген.
"2020-жылы аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында облустарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүүнү, жер-жерлерде ишкердикти колдоону, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл", — деген Жээнбеков.
Өлкө башчы Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылдары, Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгынын алкагындагы иш-чаралар тууралуу кеп кылган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болсо аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берген.