БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Канат Келдибеков (Тайсон) менен Алтынбек Мамашов ACA уюмунун рейтингине алгачкы ирет киришти. Бул тууралуу аталган промоутерлик компаниянын расмий сайтында айтылат.
Ага ылайык, уюм ар бир салмак категориясы боюнча ондон мыкты мушкерди аныктаган. Спортчулардын рейтинги соңку беттештерине карап аныкталган.
![Кыргызстандык эки мушкер беделдүү делген ACA уюмунун рейтингине кирди Кыргызстандык эки мушкер беделдүү делген ACA уюмунун рейтингине кирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104668/52/1046685278_0:0:601:802_600x0_80_0_0_de98885c58134d9ec35fa5b58d152da3.jpg)
Сайттан Келдибеков 61 килограмм салмактагылар арасында сегизинчи орунду ээлеп турганын көрүүгө болот. Ал эми Мамашев 77 килограмм салмактагылар арасында сегизинчи орунга кирген.
![Кыргызстандык эки мушкер беделдүү делген ACA уюмунун рейтингине кирди Кыргызстандык эки мушкер беделдүү делген ACA уюмунун рейтингине кирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104668/52/1046685283_0:0:609:804_600x0_80_0_0_fd818b17a3ca8ae2836279fe39ff7117.jpg)
Эске сала кетсек, 29-ноябрда Астана шаарында болгон ACA 102 турниринде "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков казакстандык Алтынбек Жуманулыны калыстардын чечими менен уткан. Мамашев да бул турнирге катышып, казакстандык атаандашы Гойти Дазаевди сулата чаап, көпчүлүктү таң калтырган.
ACA — Ахматтын абсолюттук чемпионаты уюму дүйнө жүзүндөгү промоушендердин ичинде экинчи орунда турары Мma-oracle сайтында жазылган. Биринчи орунда UFC.