00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбековдун каарынан кийин кимдердин жазаланары аныкталды. Тизме

Жазылуу
Эгер буга чейин Коопсуздук кеңеши коюлган милдеттерди аткарбай койгон мамлекеттик органдарга жумшак мамиле жасаса, эми катчылык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин жазаламай болду.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерин жоопко тартууга сунуш берет. Бул тууралуу аталган кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Негизинен өлкө башчы санариптештирүү боюнча жасалып жаткан аракеттерге нааразы болуп, майнапсыз иштеген мамлекеттик орган жетекчилерин сынга алды.

Жыйындан кийин төмөнкү жетекчилерди жазалоо күтүлүп жатат:

Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Иштей албасаңар кете бергиле! Жээнбеков жыйында кимге ачууланды
Коопсуздук кеңеши Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушовду кызматтан алууну сунуштады. Ведомствонун алты кызматкери байма-бай пара алып келгендиги боюнча кармалган. Андан тышкары, аталган орган Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашырууну кечеңдетип келгени айтылды.

Социалдык фонддун жетекчиси Медербек Ирсалиевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталды. Ведомство Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашырууну кечеңдеткен.

Президент саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дисциплинардык жоопкерчилигин кароону сунуштады. Жээнбековдун айтымында, аталган министрлик "Мектеп медицинасы — IT-оорукана" долбоорун ишке ашыруу аракеттерине үстүртөн караган.

Президент билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун дисциплинардык жоопкерчилигин кароону сунуштады. Жээнбековдун айтымында, аталган министрлик "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке ашыруу аракеттерине үстүртөн карап, санариптештирүү процессин кечеңдетүүдө.

Дамир Сагынбаев буга чейин Коопсуздук кеңеши мамлекеттик органдарга чечимдерди ишке ашырууну өтүнүп кайрылса, эми министрлик менен ведомстволордун жетекчилери ишти аткарбаса аларды жазалоону сунуштай тургандыгын  айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0