БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / Зульфия ТургуноваОшто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү
![Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104685/86/1046858681_0:0:1167:722_600x0_80_0_0_0f3e733cef8c0cab80c0a604a0eea7ba.jpg)
Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү
© Фото / Зульфия Тургунова
Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, балдарды кайыр суроого таенеси чыгарган. Наристелерди Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тилемчилик кылып отурган жеринен табышкан.
© Фото / Зульфия ТургуноваЭки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.
![Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104685/86/1046858686_0:0:780:1040_600x0_80_0_0_bb459a240859c4eb057ea70a727bf320.jpg)
Эки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.
© Фото / Зульфия Тургунова
"Иликтөө балдардын ата-энеси ажырашып кеткенин көрсөттү. Балдар Ноокат шаарынан келип, Кара-Суудагы таенесинин үйүндө жүрүшкөн. Бөбөктөрдү тилемчилик кылууга таенеси чыгарган. Териштирүү маалында бүлөнүн жашоо шарты начар экени аныкталды. Балдар эч жерде билим алышпайт. Ушул тапта социалдык коргоо башкармалыгына ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу сунушу берилди", — деп айтылат маалыматта.
Эки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.