00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ухань, чыда, кайрат кыл!". Кыргызстандык кыз вирус тараган жерден видео жөнөттү

Жазылуу
Кыргызстандык студент Алтынай Sputnik агенттигине Кытайдын Ухань шаарында болуп жаткан кырдаалдын эксклюзивдүү кадрларын салды. Ал карантин деп жабылган шаардын тургундары бири-бирине дем берүү үчүн флешмоб өткөргөндүгүн видеого түшүргөн.

Sputnik, Мария Науменко

Ошондой эле медиктердин атайын тобу тез жардам унаасына коронавирус жугузуп алышы мүмкүн деген аялды салып жаткан учурду тартып алган.

"Коронавирустун белгилери билинсе бейтаптарды тез жардам унаасы алып кетет. Атайын форма кийген дарыгерлер оорулууну медициналык жайларга жеткиришет. Бейтапканага өз алдынча келүү сунушталбайт. Себеби ал жактан вирусту жугузуп алуу коркунучу жогору", — деди кыргызстандык.

Студенттин айтымында, Ухань шаарын күн сайын дезинфекциялап жатышат.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун очогу Уханда жашаган кыргыз кыз: интернеттегинин баары чын эмес
"Ар бир турак жай комплексин, дүкөндөрдү, айтор, бардык жерди тазалап жатышат. Дезинфекциядан кийин кайсы күнү жана кайсы убакта тазалоо жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымдаган барак таштап кетишет. Жатаканада жашаган чет элдик студенттерге бет кап, бактерияга каршы каражаттарды жана термометрлерди бекер таратышууда. Айрымдарына тамак-аш алып келип берип жатышат", — деди Алтынай.

Жалпысынан кыргызстандык кыз шаардагы жагдайды "тынч, эч кандай дүрбөлөң жок" деп баалады. Бирок адатта эл көп топтолгон көчөлөрдө кишилер аз жана унаалар дээрлик жок экендигин билдирди.

"Эл зеригип кетти, бара турчу жер жок. Коомдук жайлардын бардыгы жабык болгондуктан үйлөрүндө отурушат. Тамак-аш саткан дүкөндөр кечки саат бешке чейин эле иштейт", — деп белгиледи студент.

Ал жакында эле шаарда флешмоб болгонун да айтып берди. Анда жашоочулар бири-бирине дем берүү үчүн терезеден "Ухань, чыда, кайрат кыл!" деп кыйкырышып, анан ырдашкан.

Коронавирустун алдын алып жатам. Бет кап кийген шаардыктардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун алдын алып жатам. Бет кап кийген шаардыктардын видеосу
Алтынайдын айтымында, турак жайдын айрым ээлери батирге чыккандардын төлөмүн албай койгон учурлар болууда. Себеби алар карантин убагында иштеп акча тапканга мүмкүнчүлүк жок экендигин билишет.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Соңку маалыматтар боюнча, оорудан 170 адам каза тапты.

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0