БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 9-февралда, борбор калаанын айрым жерлеринде ремонт иштерине байланыштуу ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгү оңдоло тургандыктан Ахунбаев, Тыныстанов, Медеров жана "Ала-Арча" суусунун ортосундагы аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.
Суусуз калчу мекемелер:
- QSI International school of Bishkek жеке мектеби;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;
- "Панацея" медицина борбору;
- Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи;
- №61 физика-математика мектеп-лицейи;
- Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
- Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Бишкек шаардык үй-интернаты;
- ABA Consulting борбору;
- Medipol медициналык борбору;
- "Тартуга" эс алуу борбору;
- Samsung дүкөнү;
- "Дента Мир" стоматология борбору;
- "Мээнет-сервис" компаниясы;
- "БГТС" ААКсы;
- Республикалык социалдык фонду;
- Скрябин 12/2 дарегиндеги отканалар;
- №3 стоматология борбору.
"Бишкек суу канал" ишканасы калаа тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырат.
Эгер сууга байланыштуу көйгөйлөр жаралса шаар тургундары төмөнкү номерлерге байланышса болот.
- "Бишкек суу каналы" ишканасынын нөөмөт бөлүмү: 56-03-20;
- үй ичиндеги суу көйгөйлөрү боюнча: 54-42-45, 54-42-44;
- Сүрөт фактылар болсо 0770 838458 WhatsApp номерине жөнөтүңүздөр.