БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди.
![Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104700/13/1047001316_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_bb285327a94a5550d04f5f68ca64c668.jpg)
![Иш-чарага Кыргыз улуттук университетиндеги журналистика факультетинин студенттери катышты Иш-чарага Кыргыз улуттук университетиндеги журналистика факультетинин студенттери катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104700/12/1047001299_0:120:3067:2047_600x0_80_0_0_a901b6bee03ec5b2bc413e3a3d053053.jpg)
![Спикердин сөзүн туура эмес мааниде жазып албаш үчүн ойду бир жерге топтоп, өзгөчө көңүл буруу керек. Бул журналистиканын бардык багыттарына тиешелүү. Президент менен премьер катышкан иш-чараларды чагылдыруу — чоң жоопкерчилик. Мында жөнөкөй эрежелерди сактоо ката кетирүүдөн оолак кылат, — деди Толканов. Спикердин сөзүн туура эмес мааниде жазып албаш үчүн ойду бир жерге топтоп, өзгөчө көңүл буруу керек. Бул журналистиканын бардык багыттарына тиешелүү. Президент менен премьер катышкан иш-чараларды чагылдыруу — чоң жоопкерчилик. Мында жөнөкөй эрежелерди сактоо ката кетирүүдөн оолак кылат, — деди Толканов. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104700/13/1047001321_0:18:3067:1945_600x0_80_0_0_216d89630911e874c5f3b5c5a98da318.jpg)
![Ал ошондой эле Бийлик башындагылардын чет өлкөдөгү сапарларын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеп козгоду. Ал ошондой эле Бийлик башындагылардын чет өлкөдөгү сапарларын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеп козгоду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104700/13/1047001310_0:39:3067:1966_600x0_80_0_0_26a4340e8d2f3fca92c114e98f81c2f4.jpg)
Иш-чарага Кыргыз улуттук университетиндеги журналистика факультетинин студенттери катышты.
"Спикердин сөзүн туура эмес мааниде жазып албаш үчүн ойду бир жерге топтоп, өзгөчө көңүл буруу керек. Бул журналистиканын бардык багыттарына тиешелүү. Президент менен премьер катышкан иш-чараларды чагылдыруу — чоң жоопкерчилик. Мында жөнөкөй эрежелерди сактоо ката кетирүүдөн оолак кылат", — деди Толканов.
Ал ошондой эле Бийлик башындагылардын чет өлкөдөгү сапарларын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеп козгоду.
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.