БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте грэпплингдин UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү — ред.) версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.
![Бишкекте грэпплингдин UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү — ред.) версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бишкекте грэпплингдин UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү — ред.) версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032649_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_17e5934afe1f254a619f6780b48f291e.jpg)
![Мелдеш дем алыш күндөрү Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо комплексинде болгон. Мелдеш дем алыш күндөрү Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо комплексинде болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032675_0:98:3072:2028_600x0_80_0_0_e43459be733449a536763baf4b36fe78.jpg)
![Ага жети дубандан келген 650гө чукул спортчу катышканы айтылды. Ага жети дубандан келген 650гө чукул спортчу катышканы айтылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032680_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_cf465b9decc786b1b2e28640294d5f23.jpg)
![Турнир эркектер жана кыздар арасында бир нече жаш курак (окуучулар, кадеттер, жаштар, чоңдор, чеберлер) жана салмак категориялар боюнча өткөрүлгөн. Турнир эркектер жана кыздар арасында бир нече жаш курак (окуучулар, кадеттер, жаштар, чоңдор, чеберлер) жана салмак категориялар боюнча өткөрүлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032659_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_bc9084f1f3d858c96ee0e7fb7268793a.jpg)
![Иш-чаранын ачылышына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Канат Арпачиев катышып, былтыр Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Абдурахман Муртазалиев менен күмүш алган Абдылдабек Кекеновго эл аралык класстагы спорт чебери наамын тапшырды. Иш-чаранын ачылышына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Канат Арпачиев катышып, былтыр Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Абдурахман Муртазалиев менен күмүш алган Абдылдабек Кекеновго эл аралык класстагы спорт чебери наамын тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032665_0:0:3072:1930_600x0_80_0_0_c6bf0214c9fc83409c892d098e26437a.jpg)
![Ошондой эле федерациянын президенти Тынчтык Сулаймановго спортко кошкон салымы үчүн атайын медаль берилген. Ошондой эле федерациянын президенти Тынчтык Сулаймановго спортко кошкон салымы үчүн атайын медаль берилген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032670_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_3aff107379ae2e198b066d18e6fc9a1f.jpg)
![Ал эми жеңүүчүлөр медаль, диплом жана чемпиондук курлар менен сыйланды. Ал эми жеңүүчүлөр медаль, диплом жана чемпиондук курлар менен сыйланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104703/26/1047032686_0:0:3072:1931_600x0_80_0_0_b8b18b285f8517fb10383b920bc13dc9.jpg)
Мелдеш дем алыш күндөрү Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо комплексинде болгон. Ага жети дубандан келген 650гө чукул спортчу катышканы айтылды.
Иш-чаранын ачылышына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Канат Арпачиев катышып, былтыр Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Абдурахман Муртазалиев менен күмүш алган Абдылдабек Кекеновго эл аралык класстагы спорт чебери наамын тапшырды. Ошондой эле федерациянын президенти Тынчтык Сулаймановго спортко кошкон салымы үчүн атайын медаль берилген.
Ал эми жеңүүчүлөр медаль, диплом жана чемпиондук курлар менен сыйланды.
Грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионатынын байге ээлери тууралуу шилтеме аркылуу таанышууга болот.