БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
![Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104707/97/1047079700_0:132:1080:810_600x0_80_0_0_1f17cfe228ce7fab6edd0cabfcc0f909.jpg)
![Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан. Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104707/97/1047079710_0:132:1080:810_600x0_80_0_0_b08fb34adbc45801f85df6e0fea49199.jpg)
Билдирмеге ылайык, Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан.
"Азыркы тапта Изабеков тарбиялануучулары менен Ысык-Көлдө. Алар 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) өтчү Азия чемпионатына даярдык көрүп жатышат", — дешти агенттиктен.
Машыктыруучуну Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жалпы жамааты да куттуктап, ага бекем ден соолук каалашкан.
Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1988-1989-жылдары СССРдин спорт интернаттары арасындагы чемпионатта алтын медаль уткан. Бүткүл союздук жаштар оюндарында үчүнчү орунду, СССРдин чемпионатында эки ирет коло медаль тагынган. 1995-жылы Филиппиндеги, 1999-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында вице-чемпион болгон. 2000-2007-жылдары күрөш жана бокс боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде методист, машыктыруучу болуп эмгектенген. 2007-2009-жылдары Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу. 2010-жылдан тарта Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу.