БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыккандар резолюция кабыл алып, бийликке бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Камбар Капарбеков билдирди.
Капарбеков нааразычылык акциясына чыккандардын талаптарын атады. Алар:
— "Нарын" эркин экономикалык аймагы менен курулушка инвесторлук кылып жаткан "Нур-Строй" компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын;
— Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди жасоо жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин;
— Элдин ою менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Талантбек Стамакуновго эскертүү берилсин;
— Митинг, элдик жыйындарда сөз алып сүйлөгөн жаштар жана башка адамдардын артынан куугунтуктоо токтотулсун, укук коргоо органдары коркутпасын.
Камбар Капарбеков 25-февралда кайрадан митинг болорун айтты. Ошондой эле чогулгандар талаптарды бийлик 1-мартка чейин карап чыгуусун өтүнгөн.
Эске салсак, бүгүн, 17-февралда, Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулду. Алар аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришти.
Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулат дегенден бери эл тынчый элек. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган аймакка барып, индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт.
Инвесторлор күн жылыры менен, тагыраагы, апрель айында курулуш иштери башталып, ээн талаа чоң шаарга айланарын убадалаган.
Баса, буга чейин Нарындын аттуу-баштуу ишкер, аткаминерлери Бишкекте жыйын өткөрүп, жер эч кимге сатылбаганын айтып, инвесторлорго мүмкүнчүлүк берели деген ойлору менен бөлүшкөн.