БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Март айында аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, кээ бир учурда күн кескин жылып, бир катар аймактарда +23 градуска чейин жетери кабарланды. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
![Мартта күтүлгөн абанын орточо температурасы Мартта күтүлгөн абанын орточо температурасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104710/23/1047102349_0:226:2896:2046_600x0_80_0_0_e1cd7366317673bc0e907404cc8ec4dd.jpg)
![Мартта күтүлгөн жаан-чачындын орточо көлөмү Мартта күтүлгөн жаан-чачындын орточо көлөмү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104710/23/1047102354_0:228:2896:2048_600x0_80_0_0_d67ae2519cc8a25876345b2dd617d7b5.jpg)
Чүй облусу
Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен жогорулап отуруп, +3...+8 градуска чейин жетери айтылды. Күндүз +8…+13кө жетип, ал эми ысыган учурда +17...+22 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрдө абанын күндүзгү температурасы +1…+6га чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Талас облусу
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.
Ош, Жалал-Абал, Баткен облустары
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен өйдөлөп отуруп, +5...+10 градуска жетет, күндүз +11…+16дан тарта +18...+23 градуска чейин чыгат. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +5...+10 градуска жогорулашы мүмкүндүгү айтылды.
Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан +3...+8ге жетери айтылды. Ал эми күндүз +4…+9дан тарта +13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат дешти.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору кабарланды.
Ысык-Көл облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан өйдөлөп отуруп 0…+5 градуска жетет. Ал эми күндүз +2…+7 градустан көтөрүлүп, термометр +8...+13тү көрсөтөрү болжолдонууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Нарын облусу
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.
Алай өрөөнү
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -12…-17 градустан -3…-8 градуска чейин, күндүз -1…-6дан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Суусамыр өрөөнү
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -15…-20дан -2…-7 градуска чейин, күндүз -2…-7ден сууктан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болору айтылды.