00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:09
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанова: баланын тишине кам көрүүнү түйүлдүк кезинде башташ керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаведующая отделением по зуболечению Стоматологической клиники №6 Миликан Асанова
Заведующая отделением по зуболечению Стоматологической клиники №6 Миликан Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
№6 тиш эмканасынын тиш дарылоо бөлүмүнүн башчысы Миликан Асанова тишке кылдат мамиле кылууну канчалык эрте баштаса, кийин туруктуу тиштер чыккан маалда эч кандай олуттуу маселе жаралбай турганын айтты.
Асанова: баланын тишине кам көрүүнү түйүлдүк кезинде башташ керек

Балага алма, сабизден көбүрөөк салат жасап, айран, сүт, быштак бериш керек. Аталган азыктарда тишке пайдалуу кальций жана башка витаминдер көп. Бул тууралуу Миликан Асанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланын тишинин өсүү процесси төрөлө элек кезинде эле башталат.

"Баланын тишине кам көрүүнү болочок эне кош бойлуу кезинен эле баштоого тийиш. Ымыркайдын жаак сөөгү өсүп жаткан маалда эненин туура тамактанып, витаминдерди жетиштүү кабыл алуусу кийин анын тишинин жакшы чыгышына шарт түзөт. Наристе 1,5-2 жашка чукулдап калган убакта маңдайкы төрт, эки азуу тиши чыгып калат. Бул учурда паста колдонбой эле суу менен щеткалап жууп койгон оң. Тиш жууганды оюнга айландырып алган жакшы. Ушинтип отуруп тиш тазалоого көнө баштайт. Бала сөзсүз түрдө таттууну жейт эмеспи. Тамактан кийин оозду чайкаганды, жууганды үйрөтүп коюу керек. Улам чоңойгон сайын тишти эртең менен, кечинде жууганга көндүрүү зарыл. Ал эми 7-8 жашка келгенде баланын сүт тиштери түшүп, туруктуу тиштери чыга баштайт. Бул учурда дарыгерге кайрылып көзөмөлдөн өтүп турган оң. Алар кайсы учурда бузулган сүт тишти жулдуруп, кантип дарылоо керектигин айтып беришет. Эгерде тишти туура эмес же эрте жулдурса, кийинки туруктуу тиштери кыйшык өсүп калышы ыктымал", — деди Асанова.

Тиш доктур балдарга кириешки, чипсы сыяктуу азыктарды азыраак алып берүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0