БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда үч судья берген арызына ылайык, мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Кызматтан төмөнкү судьялар бошотулду:
- Сергей Кузьменко — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
- Айнагүл Жоробекова — Нарын шаардык сотунун судьясы;
- Адинахан Кадырова — Ош шаардык сотунун судьясы.