БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин азайтууга багытталган кризиске каршы иш-чаралардын планын даярдоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
![Абылгазиев базар баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды Абылгазиев базар баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104730/53/1047305342_0:0:1600:1016_600x0_80_0_0_784a97f17b333589c95aca2450dd8839.jpg)
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы планга кыска жана узак мөөнөттүү иш-чаралардын тизмеги камтылышы керектигин баса белгилеген.
"Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жол бербөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Экинчи блок — бул бюджетти коргоо. Кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет бардык социалдык жана башка милдеттерин толук кандуу аткарышы зарыл. Бул үчүн чыгашаларды оптимизациялоо боюнча иш-чаралар каралышы кажет", — деди Абылгазиев.
Премьер-министр ошондой эле ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен планда реалдуу картина дагы чагылдырылышы керектигин белгиледи.
"Мамлекеттик органдар маселени чечүүдө бизнес-коомчулук менен да жигердүү иш алып барышы керек. Сунуштарды эске алуу менен ыкчам түрдө кризиске каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, ошондой эле азык-түлүк базарларындагы жана соода түйүндөрүндөгү баага мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берем", — деди Абылгазиев.
![Абылгазиев базар баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды Абылгазиев базар баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104730/52/1047305296_0:0:1600:1109_600x0_80_0_0_8c830c62ff2ee564092156690fbdc819.jpg)
Белгилей кетсек, буга чейин коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлгөн.