Кыргызстанда мунай иштетүүчү сегиз ири ишкана бар. Бүгүнкү күндө алар иштебей турат. Ошолорду жандантуу үчүн Россиянын мунайы керек. Бул тууралуу Кайрат Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Осмоналиев: Россия Кыргызстанга мунай экспорттосо сегиз ири ишкана жанданат
Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу Кыргызстан өңдүү мүчөсү Белоруссия Россиядан мунай сатып алып, аны өзүндө кайра иштетип даяр продукцияны Европа өлкөлөрүнө сатып келет.
"Россия менен Кыргызстандын тарыхый, маданий, саясий жана экономикалык багытта эки кылымга тете байланышы бар. Аталган өлкө Кыргызстан үчүн эң башкы өнөктөш жана боордош өлкө. Бүгүнкү күндө да эки мамлекетти байланыштырып турган Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишими жана Евразиялык экономикалык биримдиги сыяктуу ири кызматташтык бирикмелери бар. Мисалы, ЕАЭБди алсак. Бул биримдикти бирдей экономикалык укуктарга ээ болгон беш мамлекет түзөт. Бирок, тилекке каршы, аталган бирикменин алкагында Кыргызстан даяр продукцияны сатууга багытталган рынок катары кабылданууда. Эми бул жерде эске ала турган жагдай — аталган уюмдагы өлкөлөрдүн чоң ажырымда турган экономикасы. Ошентсе да өнөктөштөр бири-бирине жардам берип туруусу керек. Мисалы, Россия Кыргызстанга чийки мунайын экспорттоп турса өлкөдөгү токтоп турган сегиз ири мунай иштетүүчү ишкана жанданмак. Аны менен бирге өлкө экономикасы да өнүгөт эле. Үстүбүздөгү жыл "Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы" деп белгиленди. Ушул саамалыктын алкагында бир эле маданий алакаларды арттырбастан, өкмөт жана мамлекет башчылардын деңгээлинде экономикалык кызматташтыкты да өнүктүрүү керек", — деди Осмоналиев.
Ал ошондой эле Россияда да бир миллионго чукул кыргызстандык мигрант бар экенин айтып, аталган өлкөнүн Мамлекеттик Думасына Россиянын жараны болгон этникалык кыргыз депутат шайланышы керектигин кошумчалады.