БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Келбетине өзгөчө көңүл буруп, сыланып-сыйпанып жүргөн эркектер ала жипти аттоого ыктап турушат. Бул тууралуу Улуу Британиядагы Illicit Encounters таанышуу сайтынын адистери жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Анын арасынан 58 пайызы сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп саларын моюнга алышкан. Бул топко кирген эркектердин басымдуу бөлүгү чач тарачка бат-баттан каттап, келбетине кам көргөндөр, денесинде пирсинг жана татуировкасы барлар экени айтылат.
Ошондой эле сакал-муруту калың, аны өстүрүп жүрүүнү жакшы көргөн эркектер дагы "кооптуу" болору айтылат.
"Мындай эркектердин көбү бир гана аял менен чектелгиси келбейт. Колунан келсе эле болгон мүмкүнчүлүктү пайдалана калууга ашыгат", — деп айтылат макалада.
Маалыматка караганда, сурамжылоодон өткөн эркектердин 29 пайызы бир гана аялга туруктуу болууну каалашарын айтышкан. Мындай эркектер көбүнчө сакал-мурутун таза алып, эч кимден айырмаланбай кийинип жүрүүнү жактырышат.