00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы. Япониядан жазылган дубай салам

© AFP / BEHROUZ MEHRIСитуация в Японии из-за коронавируса
Ситуация в Японии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанды коронавирус карааны аралап жүрөт. Вируска чалдыккандар адегенде үч болсо, азыр 14кө жетти. Тумоонун канчага барып анан кайтары али белгисиз. Ошентсе да кырдаалга алдастабай мамиле кылуу, азыр аба менен суудай керек.

Сабыр, токтоолук жана тактык ооруну сөзсүз жеңет. Дүйнө суктанган япондор да ошентти. Айтылган эрежени так сактады, айылчылап кетпеди, айтканды укту. Булардын баарына күбө болгон кыргызстандык Чыңгыз Сүйүнбек уулу аны Япониянын дал ичинде жүрүп баяндап берди.

Бүт дүйнө эли бир муштум болуп түйүлдү. Кытайдан башталган коронавирустун жаңы түрү COVID-19 бул ирет бир гана континент же өлкөнү эмес, бир заматта дүйнөнү аралап, миңдеген өмүрлөрдү жалмап кетти.

Мечитти дезинфекциялап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе
"Коронавирусту жуктургандар", "андан өлгөндөр", "алып жүрүүчүлөр", "айыгып кеткендер" деген статистикалык сандар дагы канчаны түзөрүн, кайсы чекке барып токтору азырынча белгисиз. Ааламды багынткан адам баласы бул тумоонун алдында азырынча алсыз болуп турат.

Жүрөктүн үшүн алган вирус дүйнөнү айланып жүрүп отуруп акыры биздин өлкөдөн дагы кыйгап өткөн жок. Бирок Кудай бизге алыбызга, ага каршы тура алар дараметибизге ченеп жөнөттү белем, ылайым ошондой болсун деп тилейм...

Вирус жуктурган алгачкы үч адам катталганын укканда жүрөк "зырп" этти. Элдин реакциясы — дүрбөлөң, чочуу, вируска кабылгандарды күнөөлөө... Социалдык тармактар аркылуу баам салып отуруп психологдордун "эгер элге эртең апокалипсис болорун айтсаң, алар аны бүгүн жасап жиберишет" дегени эске келди. Бул атайын биздин коом үчүн айтылгандай эле.

Миңдеген чакырым алыста, тээ Күн чыгышта алакандай смартфонумдун бетин тиктеп, ноутбукту кадала Кыргызстанды карап отурдум. Бул бир башкача сезим, ал абал чет жакта жүргөн мекендештерге жакшы тааныш.

Мекенимде ошол дүрбөлөң түшүп, ун-майды жанталашып сатып алган күн жаңырып кетпесе, ажиотаж дагы канчага уланып, арты эмне менен бүтмөк, жообу мага дагы эле кызык. Бул окуядан соң алакандай кыргызды дүрбөтүү да оңой, жооткотуу да оңой, ишендирүү дагы оңой деген ой дагы да бекемделди. Атактуу Салижан Жигитов айткандай, биздин элдин чоң кемчилиги ошол оомалыгында болуп келет.

Унду "урдурган" мекендешим менен бир тыйын кошпой тыпыйган япон сатуучу

Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус, өзгөчө кырдаал, азыркы абал. Учурда эмне болуп жатат
Азыркы учурда Япон өлкөсүндө жашап жаткандыктан менде бул болуп өткөн картинаны эки башка ракурстан кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеби Япония да аз гана убакыт мурда ушул эле сыноону башынан өткөрдү эле. Бирок ал таптакыр башкача өңүттө болгон. Күн чыгыш өлкөсүнүн коронавируска карата күрөшүүсү азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча эң эффективдүү ыкма болуп калууда. Илдет жаңы тарап баштаган убакта Япония вирусту жугузгандардын саны боюнча экинчи орунда болчу. Жана акырына чейин ушул көрсөткүчтү кармап турганга бир нече себептер бар эле. Себеби вирустун эпицентри болгон Кытай менен алакасы жакшы, географиялык жайгашуусу дагы жакын. Өлкөдө тыштан келген элдин саны боюнча кытайлыктар биринчи орунда турат. Экинчиден, Япониянын өзүнүн калкы көп (126 миллион адам). Шаарларында эл өтө жыш жайгашкан. Метролордо, станцияларда, коомдук жайларда эл дайыма көп болуп, вирустун жайылып кетүү коркунучу жогору. Бирок бул факторлорго карабастан күн чыгыш өлкөсү вирустун жайылуусуна тез арада бөгөт коё алды. Азыр болсо вирустун катталуусу боюнча Япония экинчи орундан 25-орунга "которулган" учуру. Бул бүгүнкү, 23-мартка алынган маалыматтар. Күн чыгыштыктар кантип туруштук берип жатат дейсиз? Анда чечмелөөгө аракет кылайын.

"Кемпир хадистерди" токуганга эч кимдин убактысы жок

Бул мамлекетте эл менен бийликтин ортосунда боштук жокко эсе. Медиалар, журналисттер өз ишин мыкты аткарышат. Алсак, вирус жаңы тарап баштаганда эле андан сактануунун жолдору, кокус жугузуп алса алгачкы белгилери кандай болору, анын алдын алуу маанилүү деген маалыматтарды ЖМКлардан байма-бай берип баштады. Эрикпей, керээли-кечке беришти. Ансыз да так жүргөн япондордун кулагына куюшту. Эл дагы расмий булактардан маалымат алган соң эрежени сактоого өттү. Биздегидей социалдык тармактарга желдей тараган жалган маалыматтарды, "кемпир хадистерди" токуганга эч кимдин убактысы жок. Таратса дагы расмий маалымат булагы болбогондуктан эч ким көңүл деле бурбайт. Кыязы, убактысын бекер короткусу келбейт окшойт. Айтор, так маалыматты кайдан алууну билишет, бере турган жактар да тыпылдып, убакыт-сааты менен кабардар кылып, маалыматты кечиктирбестен жеткирип турат.

Медициналык маскачан жүргунчү эл аралык аэропортто  - Sputnik Кыргызстан
Ири айып салынат. Таиланддан келген кыргызстандык карантиндеги жашоосу тууралуу
Асылында япондор эрежени катуу сактаган эл болот. Кандай иш болбосун эрежеси менен жасашат. Мейли, бирөө көзөмөлдөсүн же көзөмөлдөбөсүн, бардык эрежени сактоого далбастап турушат. Жөнөкөй жаран өзүнө тагылган милдетти көчүккө түрттүрүп отурбай, айттырбай, дедирбей, айып салдырып, артынан салпактатып чуркатпай так аткарат. Вирустан сактануу эрежелери айтылган соң япондор үчүн аны аткарып коюу кыйынга деле турган жок. Медиктерди, министрлерди, бийлик башындагыларды кайра-кайра какшаткан жок. Чыкпа дегенден кийин чыкканын көргөн жокмун.

Ал эми тазалык туурасында

Вирус тарап баштаар замат биз сабактан кийин иштей турчу кафелерде, заводдордо дагы күн сайын температураңды ченеп анан жумушка киргизүү эрежелери сааттай чыкылдап иштей баштады. Кудум эле кичине, бала бакчадагы балага үйрөткөндөй колду жуугандан бери көрсөтүп, түшүндүрүп беришти. Кайра-кайра көрсөтүүдөн тажашкан жок. Аны кайталоодон мен тажаган жокмун...

Башынан нечен сыноону өткөргөн япондор өткөөл мезгилдерде дагы оор басырыктуулуктун жогорку чегин көрсөтө алышат. Тайфун, жер титирөө, цунами жана башка кырсыктарга кабылып, башынан өткөрүп, кесепетин жоюп, жашоосун улантып келе жаткан элдин кайраты балээлүү бул коронавируска келгенде да өзүн көрсөтө алды. Окуу жайларга карантин жарыяланган алгачкы күндөрү азык-түлүк алганы супермаркетке барып элдин көптүгүн байкагам. Кадимкидей соодамды кылып узун кезекке туруп эсептешип чыгып кеткем. Эл деле күндөгүдөй жайдары. Ашыкча, көзгө жат эч нерсе байкалган эмес. Калп айткан менен болобу, кээ бир жактарда медициналык бет кап менен антисептиктердин, даарат кагаздарынын таңсыкстыгы жаралды. Анда да тактыгы ушунчалык чекке жеткен япондор маселени тез аранын ичинде жөнгө салып койду. Андай жетишпестик кийин башка эч жерде кездешкен жок. Айта кетчү нерсе, кайсы бир товарга суроо-талап аябай жогоруласа дагы спекуляциялык учурларды мойнумду созуп алып карасам да байкай алган жокмун. Эл көп алган товардын баасын жогорулатып жиберүү деген оозуңдан айлансын, бул жерде жок. Мен социалдык тармактан Кыргызстандын базарларында ажиотажга алдырган элге ундун баасын бир топ көтөрүп сатып жиберген фактыларды, соодагерлерди угуп, анан ошондой кырдаалда бир да тыйын кошпогон япондорду салыштырдым. Кудум таразанын ташына койгон сымал салмактап карадым...

Бул жерде күн чыгыштыктардын медицинасынын күчүн айтпай кетсем, макалам көркүнө чыкпайт. Вирусту жугузуп алгандарды айыктырууда дагы Япония бир топ өзгөчө ыкмаларды колдонуп келүүдө, жыйынтыктары мактоого аларлык. Бирок эң чоң жардамды жогоруда мен айтып кеткендей, ЭЛ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ жасап жаткан учуру.

Бул күн да өтөт, тууган!

Ошентип Япония бул сыноону тартип жана биримдик менен жеңүүдө. Ошол эле убакта окуу жайлардан жана сырттан көз каранды болгон кээ бир ишканалардан башка завод-фабрикалар, дүкөндөр, коомдук транспорттор, калкты тейлөө пункттары кадимкидей иштеп жатат. Жашоо дайымкыдай өз нугунда өтүүдө, болгону бир канча эрежелер коштолгон. А бизде, Кыргызстанда абал кандай?

Санитардык тазалоо жасап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Гансидеги" карантиндик жайдын шартына нааразы болгондорго министрлик жооп берди
Тамыры терең, тарыхы бай болгонубуз менен турмуштук сабактарга жарды эл окшобойбузбу, вирус келип келбей жатып коомдогу чыңалууну даана байкоого болот. Бул абалдан пайда тапканы бар, позитив көргөнү дагы бар, а негативге алдыргандар андан арбын. Үрпөйүп турган башкалардын үрөйүн учуруп фейк жаңылыктарды, оозу-мурду кыйшайбай таратып жаткандарды окуп жатам. Бир иним Кыргызстандан жазып, "коронавирустан бир киши кете бериптир, уже. Байкушту ун басып калыптыр", - дейт. Ал аңгыча байкем менен сүйлөшүп калсам, "бүт эле үңүрөйгөн, кабагы ачылбаган киши. Бизди вируска чейин эле ошол агрессия жайлап салбаса экен" дейт. Социалдык тармактарда президентке, өкмөткө, муфтиятка дагы бир топ жактарга көзөп суроо берген, же өз алдынча тыянак чыгарган посттор толуп кеткенин байкоо кыйын деле эмес. Тиешелүү органдар сыяктуу эл дагы мындай алааматка материалдык жактан дагы, психологиялык жагынан дагы даяр эмес экенин бышыктап койду. Сабырдуулук деп миң кайталаганыбыз менен биздин сабырыбыз жана кээ бир принциптерибиз кадимки эле каарман Жокер айткандай "биринчи эле коркунучта унутта кала турчу жөн эле сөз" экен. "Качан иш кыйын боло баштаганда маданияттуу адамдарың бири-бирин жеп, талап баштайт. Ошондо алар чыныгы жүзүн көрсөтөт", - дейт го. Анын сыңары ушул күндөрдө башыбызда ден соолукту сактап калуу сыяктуу эле абийирибизди дагы булгабай, таза сактап калуу вазыйпасы турганын түшүнүүбүз кажет, бир тууган! Бул күн да өтөт, замандаш.

Медицина илимине жол салган Абу Али ибн Сина "дурбөлөң менен жашоо — оорунун жарымы. Тынч жашоо — ден соолуктун жарымы. Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы" деген эмеспи.

Башка келген сыноодон сабак алып, зыянсыз өтүп, бейкутчулук күндөрдө аманчылыкта көрүшөлү, мекендешим!

Жаңылыктар түрмөгү
0