00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ачкачылык жарыялайбыз! РФ аэропортунда калган КР жарандары Жээнбековго кайрылды

© РИА Новости/Аврора / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү
Аэропорттогу жүргүнчү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
200дөй кыргызстандык бир жумадан бери аэропортто жашап жатат. Кээ бирөөнүн акчасы түгөнүп, баалуу буюмдарын күрөөканага койгонго аргасыз болууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бир жумадан бери Новосибирсктин Толмачево аэропортунан мекенине кете албай жаткан кыргызстандыктар бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн ачкачылык жарыялоону чечишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына аэропортто калгандардын бири Ирена Степкичева билдирди.

Буга "Манас" аэропорту каттамдардын баарын жаап салганы себеп болууда. Орто жерде калган кыргызстандыктар өлкөнүн Новосибирсктеги башкы консулдугуна жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Степкичеванын айтымында, дипломаттар аларга эч жардам бере алган эмес.

"Биз Новосибирсктеги башкы консулдукка 20-марттан бери кайрылууга аракет кылдык. Бирок алар биз менен байланышка эки күндөн кийин гана чыгышты. Мен ал жакта иштеген аялга абалды түшүндүрө баштаганда, "бул силердин ишиңер" деп телефонду коюп койду. Андан кийин трубканы эч ким алган жок. КР Тышкы иштер министрлигине чалганыбызда, Москвага учкула, ал жакта каттамдар бар дешти. Бирок бул мен үчүн мүмкүн эмес болчу", — деди кыргызстандык аял.

Степкичеванын айтымында, башкы консул аэропорттогу мекендештерине 27-март күнү гана келип, сүйлөшүп, алардын чыдай турушун өтүнгөн. Ошондой эле айрым жарандарды башка жакка жайгаштыра турарын айтып, кечинде кыргыз диаспора аларга тамак-аш алып келип берген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар коменданты Алмаз Орозалиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлер кампаларга жете албай жатат. Премьер шаар коменданты менен жолукту
"Өздүк булактарыбыздан билдиришкендей, кыргыз өкмөтүнүн бизди бул жактан алып кетели деген ою жок экен. Биз башкы консулдун келишин суранганбыз. Ал убада берген, бирок биз баарынан чарчадык. Баары эле бизди алдап жатышат. Ошондуктан ачкачылык жарыялоону чечтик", — деди Степкичева.

Анын айтымында, айрымдарынын акчасы түгөнүп, баалуу буюмдарын күрөөканага койгонго аргасыз болушту. Эми кийинки апта Россияда дем алыш деп жарыяланганына байланыштуу аэропорттон кууп ийбесе экен деп коркуп жатышат.

Алар президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап, видеокайрылуу жолдошту.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Тышкы иштер министрлигинен бул маселе боюнча иштеп жатышканын билдирип, бирок иш кайсы этапка жеткенин айтышкан жок.

Эске салсак, дүйнө боюнча коронавирус тарап жаткандыгына байланышуу "Манас" аба майданы бир катар авиакомпаниялардын рейстерин убактылуу токтоткон. Алардын арасында дал ушул Бишкек — Новосибирск — Бишкек каттамы дагы бар эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0