00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүгүндөн тарта Таласка кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековТаластык областына кирип жаткан фура
Таластык областына кирип жаткан фура - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер штабга Бишкектен да COVID-19 табылгандыктан облуска келгендерди обсервацияга жаткыруу же киргизбөөнү сунуштаган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Талас облусуна кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков билдирди.

Анын айтымында, аймактардан келген адамдардын саны көп болуп жаткандыктан облустук ыкчам штаб бүгүн, 30-мартта, чектөө чечимин кабыл алган.

“Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу көбү Таласка агылып келип жатат. Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген адистер “Бишкекте дагы оорунун очогу бар, келгендерди обсервацияга жаткырыш керек же токтотуш керек” деген сунуш беришти. Башка аймактагы жарандарыбызга вирус ташуучу болбой отуруп туруңуздар деп үч күндөн бери эскертип жатабыз. Мындан улам Таласта каттоосу бар адамдардын дагы кирүүсүнө тыюу салынды. Көпчүлүгүнүн каттоосу Таласта болгону менен Бишкекте туруктуу жашаган жайы бар да”, — деди Осмонбеков.

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коменданттык саат, бешинчи күн. Тартип бузуп кармалгандардын саны
Ошондой эле ал Таластан дагы эч ким чыгарылбай турганын эскертти. Мындан улам облус тургундарынан штабдын чечимин туура кабыл алып, коронавирустун жайылышын ооздуктоого көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Киргизилген чектөөлөр азык-түлүк жана жазгы талаа иштерине керектелчү каражаттарды ташыгандарга, транзиттик жүктөргө тийиштүү эмес.

Учурда коронавирус жуктурган Бишкек менен Чүйдө 10, Ошто 33, Жалал-Абадда 49, Нарын менен Баткен облустарында бирден адам аныкталган. Ал эми Ысык-Көл менен Талас облустарында бир да факты жок.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0