БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкектин клумбаларында жоогазындар гүл ачып калганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
![Бишкектин клумбаларында жоогазындар гүл ачып калганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди Бишкектин клумбаларында жоогазындар гүл ачып калганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104772/39/1047723987_0:67:1080:745_600x0_80_0_0_015c7dd1115335e520bf4365dc3b89ae.jpg)
![Ага ылайык, жоогазындар былтыр күзүндө Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулган Ага ылайык, жоогазындар былтыр күзүндө Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104772/40/1047724003_0:0:1080:679_600x0_80_0_0_3a6e6c2e3f455e406711a0166b832b46.png)
![Жалпысынан борбордун клумбаларында жоогазындын 10 түрүнүн 185 миң түбү отургузулган Жалпысынан борбордун клумбаларында жоогазындын 10 түрүнүн 185 миң түбү отургузулган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104772/39/1047723980_0:128:1080:806_600x0_80_0_0_0f89bf279cad1a941612772d414f18c8.jpg)
![Алар Курманжан датканын эстелигинин жанында, Жаштар аллеясында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Пушкин галереясынын, Театральный скверинин аймагында Алар Курманжан датканын эстелигинин жанында, Жаштар аллеясында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Пушкин галереясынын, Театральный скверинин аймагында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104772/39/1047723997_0:87:1080:765_600x0_80_0_0_024b79e8e113129504f7e4e104a4bce6.jpg)
![Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайрадан клумбаларга отургузулмакчы. Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайрадан клумбаларга отургузулмакчы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104772/39/1047723992_0:56:1080:734_600x0_80_0_0_ebb2ffe24bc4c98e922221ace307d3c1.jpg)
Ага ылайык, жоогазындар былтыр күзүндө "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулган.
Жалпысынан борбордун клумбаларында жоогазындын 10 түрүнүн 185 миң түбү отургузулган. Алар Курманжан датканын эстелигинин жанында, Жаштар аллеясында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Пушкин галереясынын, "Театральный" скверинин аймагында.
Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайрадан клумбаларга отургузулмакчы.
Мэрия шаардыктарды жоогазындарга аяр мамиле жасоосун өтүнүп, эгер уурдоо фактылары болсо 0709399977 номери аркылуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасына же милицияга кабарлап коюуну өтүндү.