00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Карантинге баш ийбеген айылдарга арак сатууга тыюу салынды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСпирт ичимдиктери. Архив
Спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими менен төрт айылдагы жети дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп, арак-шарап сатуудан алынган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Нарын районунун Орток айыл аймагында спирттик ичимдиктерди сатууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Орток айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алтынбек Сеңирбаев аймактык кабарчыга маалымдаган.

Сеңирбаев карантин учурунда айрым адамдар эрежени сактабай, чогулуп арак ичип, айыл ичинде чыр-чатак, үй-бүлөлүк зомбулук көп катталып жаткандыктан ушул кадамга баргандыктарын түшүндүргөн.

"Айыл тургундарынын оозеки кайрылууларынын негизинде милициянын аймактык инспектору, айылдык сот, жаштар уюмдарынын катышуусунда отурум өткөрдүк. Айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен биздин айыл өкмөткө караган төрт айылдагы жети дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп, спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салдык", - деди ал.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, бир дүкөн ээсинин кредити бар болгондуктан демилгечи топ анын 50 миң сомдук арак-шарабын сатып алып, жок кылган. Ал эми калган 1,5 тонна спирттик ичимдиктерди Нарын шаарындагы фирмалардын өкүлдөрүнө кайра өткөрүп беришкен.

Арест подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
5 жылга камалышы мүмкүн. Ошто COVID-19дун белгилерин жашырган адамга иш козголду
Сеңирбаев мындай аракеттин жыйынтыгы менен айыл ичи тынчтанып, тургундар жазгы талаачылык иштери менен алектенип калганын кошумчалады.

Маалымдай кетсек, аталган айыл өкмөтүнө Орук-Там, Эки-Нарын, Таш-Башат айылдары карайт. Борбору Нарын шаарынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Нарын облусуна, анын айылдарына да өзгөчө кырдаал киргизилген. Аталган облустан коронавирус жуктуруп алган 5 учур катталган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0