Машыгуунун видеосун ал Facebook баракчасына чыгарды. Кадрлардан Назаров короосунун алдына бокстун грушасын илип алып, спорттук кол кап менен согуп жатканын көрүүгө болот.
"Кутман күн, кыргызстандыктар. 30 мүнөт сейилдеп келдим, үйдө карантиндин эрежелерин сактап жатам. Бирок машыгууларды токтотуп койгон жокпуз. Бокс элди бириктирет. Иштеп көрөйүнчү, балким силерге жагар", — деген ал машыгуу алдында сүйлөп жатып.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулуп, эл көп топтолгон жайлар, анын ичинде спорттук залдар жабылган.
Орзубек Назаров профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин Бокс федерациясынын вице-президенти.
Назаровдун спортчуларга көрсөткөн мастер-классын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарткан видеодон көрүңүз.