БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 13-апрелден тарта өлкөдө ишканалар акырындык менен иштей баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын маалымат кызматы кабарлады.
![Кыргызстанда 13-апрелде соода түйүндөр, өнөр жайлар ачылат деген калп! Кыргызстанда 13-апрелде соода түйүндөр, өнөр жайлар ачылат деген калп! - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104781/68/1047816861_0:0:660:945_600x0_80_0_0_bc791b248c1eec28fd7c7d5fce02de5a.jpg)
Буга чейин соцтармакта жана мессенджерлерде өнөр жай, соода түйүн, дүкөн, фитнес-борборлордун иштөө планы жазылган документтин сүрөтү тараган.
"13-апрелден тарта бир катар дүкөн, өнөр жай, кызмат көрсөткөн мекемелер иштеп баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул маалымат жалган", — деп билдиришти Бишкек комендатурасынан.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумуп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.