БИШКЕК, 20-апр. – Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт
![Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104794/68/1047946821_0:0:1276:956_600x0_80_0_0_cf20c6541b71875f1c49e99391ba6259.jpg)
Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Маалыматка караганда, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт.
“Медиктер тобу жергиликтүү адистерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт”, - дешти өкмөттөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө макулдашылган.
Польша менен Кытайдан келген дарыгерлер кандай шартта иштей турганын материалдан окуңуздар.