БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Олег Панкратов Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр рангындагы) болуп дайындалды. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Панкратов Кыргызстан президентинин кеңешчиси болчу. Бул кызматтан ал кечээ, 23-апрелде, бошотулган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин ЕЭКтеги маалымат булагы буга чейин эле аталган орунга президенттин кеңешчиси Олег Панкратов келерин кабарлаган.
Ал эми аталган орунда министр болуп иштеп жаткан Нурлан Акматовдун өз каалоосу менен кызматтан баш тарткандыгы айтылган.
Евразиялык экономикалык комиссия — Евразиялык экономикалык биримдикти дайыма жөнгө салып турчу орган. Ал 2012-жылдын февралынан тарта иштеп келет. Курамына ЕАЭБге мүчө болгон Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Армения, Казакстан кирет.
ЕЭКтин улуттук башкаруу органынын алдындагы атайын макамы бар. Чечим чыгарууда өкмөттөрдүн улуттук кызыкчылыгына эмес, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бардыгынын кызыкчылыгын коргоого таянат.